Даанышмандык
Ыр – эки кишинин иши, албетте,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Ыр – эки кишинин иши, албетте,Акын менен окурмандын шериктеш иши.Эгер акын болсо өнөрдүн ээси,Акындай терең аны түшүнгөн киши.Ыр жазуу – дарт тартуу, ах-вах уруу,Ырды түшүнгөндүн аты – кайгылаш.Бир даража – дарттуу болуу эгер,Дартты көтөргөндүн даражасы он эсе бийик.Ырды түшүнгөндүн табияты саламат,Ырды сезгендин зээни түз.Кимдир чебер болсо, кимдир окумуштуу,Эгер ырды билбесе, ал ким деп аталат?!Ырларда даанышмандык бийик жаңырбаса,Хак өз аятын «ыр эмес» дейт беле?!Анткени, бир сыпатта окшош болбосо,Ажыратуунун барбы кереги?!Кайсы сулуу ыр, кайсысы – азгырык –Кемел акыл, таза дил айырат, албетте.Кимде олуяларга мүнөздүү түшүнүк, ачылыш бар,Ырдын сырларын чечмелейт, албетте.Эгер ыр чын сөздү ачып берсе,Акын менен окурманды нурга баштайт.Эгерде ыр болсо калпты мактоочу,Акын менен окурманды кудукка таштайт.Эй, ыр жазгандар, ырды сүйгөндөр,Калптан жийиркенгиле, сүйгүлө чын сөздү.Ышктын отунда боору күйгөндөр,Махшарда күлүп ачалы көздү.Акром МАЛИК


Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.