Сүйүү
Сени мага кимдир жаман десе эгер,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Сени мага кимдир жаман десе эгер,Өзүн жаман деп билемин, жарым.Сен жөнүндө кимдир айтса жаман кабар,Жанын сууруп алам, жарым.Сага таандык кылса кичине же чоң,Оор же жеңил бир күнөөнү!..Түбөлүк жүз буруп андан, албетте,Атүгүл укпаймын жүз күбөнү.Анткени мен үчүн сен сүйгөнүмсүң,Жагымдуу сүйүлгөндүн ар бир иши.Тазалык гүлбагынын таза гүлүсүң,Буга шек кылат ыплас ар бир киши!Анткени сүйгөнүнөн шектенген затКып-кызыл жалганчы сүйүү жолунда.Сүйгөнүн кордогондор көмгөндө, аттиң,Унчукпай турган – пасык напси туңгуюгунда.Ар кылган ишинен азык жеп баратАр кимдин түшүнүгү, сезими, акылы.Ошондуктан баарын өзүндөй көрөтАаламда таза, ыплас иштердин ээси.Сага жеме кылган кишилердин өзүСага жалаа кылган иштерге аралаш.Сени нурдай көрөт жүрөгүмдүн көзү,Бирок муну көрбөйт билимдүү, акылдуу.Сүйүүмдү таза тутсам, жок касиретим,Чынында, таза ышкты кабыл кылат Ак.Ишенемин, таза ышкымдын акысы-урматыСени тазалай берет Кудайым толук.Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.