Жашоо
Канча аракет кылбайын, канча күрөшпөйүн,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Канча аракет кылбайын, канча күрөшпөйүн,Толук жеңүүчү болуу машакат болду.Көңүл жаатында ишим жүрбөй,Дарт-касирет тагы бооруума толду.Эч качан бир ишти кылбадым жөнөкөй,Эч качан жөн гана салбадым назар.Эч бир адам затын көрбөдүм материалдык,Дайыма жүрөк журтуна кылдым сапар.Дайыма утуп кетти көңүл өзүмдү,Дайыма сала бердим жүрөгүмө кулак.Жашоомдо атүгүл бир сөзүмдүАйта албадым эч дилден сурабай.Сүйүүсүз кучактабадым, кимдир бирөөнү кучактасам,Сүйүүсүз эч жерге кадам баспадым.Маанилер көгүнө, кокус, учсам,Дарт-шык болбосо, канат жайбадым.Атүгүл бет келбедим, буйрук кылбаса дил,Ааламда эч качан адам затына.Кээде ичине батпаса да кыл,Көңүл суусап турат ышктын даамына.Башкача айтканда, ал ышк – ааламдан кең,Балким, чоңураак жети асмандан.Кайгымдын бою күн менен тең,Ахымдын жалыны өттү асмандан.Дартыма дарыгер жок, жоктур айла,Дартманды дарты бар заттар тааныйт.Сынып кетсе эле кайгы аттуу капас,Өзүмдү сактап калсам, кана эле.Акром МАЛИК

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.