Тил

Даанышмандык

Дүйнөнүн дартын тартпайм десең,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Дүйнөнүн дартын тартпайм десең,Далыга тоолорду артпайм десең,Ар күнү ууларды татпайм десең,Дүйнө ээлери менен сырдашпа эч качан.Актан жемелерди көрбөйүн десең,Кордук көчөсүндө жүрбөйүн десең,Өкүнүч түшүмүн орбоюн десең,Дүйнө ээлери менен сырдашпа эч качан.Сенин ооруларың ага бөтөн,Ал күндүн кулу, түнгө бөтөн.Түндүн кулу болсо, таңга бөтөн,Дүйнө ээлери менен сырдашпа эч качан.Гапылдыктын кудугунан чыга албайт ал,Ак сөздү жүрөк ичинде түшүнө албайт ал,Ашыктардай кайгы тарта албайт ал,Дүйнө ээлери менен сырдашпа эч качан.Денесин ээлеп дүйнө түйшүгү,Эсинен чыккан акырет түйшүгү.Көңүлүңө толгон вапа түйшүгү,Дүйнө ээлери менен сырдашпа эч качан.Сенин так дилиңе канжарлар сайат,Колдору сууруйт, буттары жанчат.Асмандарыңдын үстүнө ууларды чачат,Дүйнө ээлери менен сырдашпа эч качан.Караңгыдай кара, тозоктой коркунучтуу,Дайыма наадандыкка туткун болгон эс.Тилинин учунда сактап жүрөт сайгыч,Дүйнө ээлери менен сырдашпа эч качан.Ашык бир күн күйөт, эртеси – күл,Бечара муң менен кайгыга кул.Напсиңдин кумарын аяба, өлтүр,Дүйнө ээлери менен сырдашпа эч качан.Сен – данек, ал сага кабык болбойт,Антында эч качан чын болбойт.Эки дүйнөдө да дос болбойт,Дүйнө ээлери менен сырдашпа эч качан.Акром МАЛИК

3 750жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.