Тил

Ыйман

Кеткендерге коштоштук, аман болуңуз,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Кеткендерге коштоштук, аман болуңуз,Келгендерге кучак ачтык – салам Сизге!Кимге жакшы, ким үчүндүр жаман болуңуз,Жакшы тилектерге толуп-ташкан сөз Сизге!Жүрөгүңүздө жаркырап турган нурду көрдүк,Жылт этет көзүңүздүн күзгүсүндө.Көңүл ичинде жашыруун оору, дартты сурадык,Сейилдеп айдың түндөрдүн жарыгында.Жүрөк ичинде терең-терең жараларАзабына чыдай албай кылып зар,Жеткенде Актан сулуу-сулуу ырайымдар,Сөздөрүңдө шүкүрлөр курулат.Болбосо күндөрүңдө муңдарың,Качпаса түндөрүңдө уйку алыс –Билбейт элең эмне кемтик, бүтүнүң,Көрбөйт элең эмне караңгы, эмне чырак.Денеңе түшпөсө жер титирөөлөр,Жарылбайт эле жүрөктө жашыруун тоо-ташың.Таба албайт элең баасы жок казыналар –Көз айнегиңди жуубаса ачуу жашың.Кээде карап жашооңо дел-таң,Кантип жашап өттүм деп ой сүрөсүң.Мусибаттар барлыгыңды кылганда талкалап,Ыйлап-ыйлап үмүттөрдөн үй курасың.Көрө-көрө ар күн, ар түн сыноо, от,Күйүүгө да, жанууга да көнөсүң.Кар жааса, апкаарыбай айласын таап,Ишеним аттуу килемиңе оронасың.Ырайым кылса капыстан тажаллият –Кудайга шыгың ташып, таазим кыласың.Өз мүнөзүңө кайра-кайра айтып аттиң,Козголоңуңа, тополоңуңа өкүнөсүң.Кечир, Раббим, алсыздыгым – сыпатым,Сенден башка эч кимим жок эки дүйнө.Сенсиз калуу – кайгым, балээм,Бир ирмем таштабагын, я Раббана!..Акром МАЛИК

3 340жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.