Ыйман
Эч кимдин акысы жок бир да пендеге
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Эч кимдин акысы жок бир да пендегеЖабууга тообонун эшиктерин.Оронуп жашагын, мейли, жыртык чапанга,Бирок сындырба дилдердин бешиктерин.Дилдин бешигинде үмүт термелсин,Ар дайым жакшылыкка чоңойсун ишеним.Көңүлүң эң оболу үмүттү үйрөнсүн,Актын ырайымынан тапсын кубаныч.Эгерде кимдир бирөөнүн сырты алдап,Көңүл сырларынан кабардар зат депЖанына барсаң да, ийилсең калтырап,Ыйласаң, рухуна рухуңду таяп.Бирок түнгө айланса булуттуу күнүң,Жыртылса тайфунда үмүт желкени,Жана капыстан ачылса сыры анын,Аян болсо жүрөгү – чоң таш экени!Билсең, жүрөксүзгө жүрөгүңдү ачыптырсың,Көрсөң, сокурларга сунуптурсуң колуңду,Колуңдан келишинче чурка, алыс кач сен,Кайрадан издегин өз туура жолуңду.Анткени жүрөксүздөрдүн дүйнөсү караңгы,Жалгыз азаптан сөздөр баян кылат.Канча жакындасаң ага миндетсиз,Кир кайгыларыңдын аягы болбойт.Эч бир адамды тоотпойт,Ар кимди тозок ээлеринен деп билет.Өзүнө так жасап асмандан бийик,Сүйлөсө, дайыма асмандан келет.Адашпа, алданба, алыстарга кач,Жүрөксүз адамдарда жок касиет.Раббиңдин даргахында ыйла, дилиңди ач,Такыбалык кучагында кыл жакшы ниет.Наадандык мастыгы тараса эгер,Көрөсүң, кандай зындан кудугуна түштүң.Ошондо ирфанга карай сапар кыласың,Ошондо маарифаттын көгүндө учасың.Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.