Даанышмандык
Эки нерсе бар, дүйнөдө, эй дос,
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Эки нерсе бар, дүйнөдө, эй дос,Акыл-эсиңди алып мас кылат.Напсиңе ар ишин көрсөтүп туура,Шайтанга табакташ, колдош кылат.Биринин аты – мал-дүйнө, байлык,Дагы бири экен – мансап-мартаба.Экөөнүн кучагында адам тайгаланып,Жыгылуу коркунучунда болот, албетте.Же тоотпойт бечараларды,Же зулум кылат чексиз, кайдыгер.Шылдыңдап, азаптап шордууларды,Дагы ырахатын улантат.Анткени мас адамдын болбойт акылы,Көзү сокур, кулагы дүлөй, жүрөгү өлүк.Мажнундай жаңырып ар бир кеби,Иши ыйлагыдай жана күлкүлүү.Ак сөздү кабыл албайт эч качан,Тегерегинде калбайт ак ээлери да эч.Түнү-күнү кесиби – баш ийбестик,Гапылдыкка чөгөт таң, шам, эрте, кеч.Көрө албастык сыртмагында буулат мойну,Ач көздүк уусуна денеси толот.Фитнадан турат ар бир ою,Эки жүздүүлүк ал үчүн ибадат болот.Ушунчалык наадандыкка батат, ушунчалык –Канкор, бузуку, жалганчы, ыплас;Көзүнө пастык коркунуч болуп көрүнбөйт,Тескерисинче, пастыкты тутат жакын дос.Кылмыш-ыпластыкка толот, бирокСырты гүлдөй сулуудан сулуу.Бирөөнүн башына салбаса балээ,Ал үчүн жакшы иш ушул – кемел.Мансап менен мал-дүйнө мастыгы – балээ,Мүмкүн эмес бул балээден калуу аман.Эгерде, көрсөтүп ырайым-боорукердик,Кудай куткарбаса, куткарбайт эч ким!Акром МАЛИК
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.