Тил

Даанышмандык

Тилден чыккан сөздөрүм кооз-кооз кийинген,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Тилден чыккан сөздөрүм кооз-кооз кийинген,Эгер тилге алсаңыз, бийге түшкөндөй болот.Бирок мени басат оор-оор түйшүктөр,Көкүрөгүмө конгондой өлүксө жеген куштар.Сөздөрүм жакшылыкка кызмат кылса, кана эми,Азиз жандар аларды урмат кылса, кана эми.Залымдын жүрөгүн тиштебесе сөздөрүм,Мазлумдун жүрөгүн жубатпаса сөздөрүм;Акыйкатка жетелеп бара албаса сөздөрүм,Көңүлдөрдүн арасында суралбаса сөздөрүм;Аларды жыйындарга киргизүүдөн не пайда бар,Ойду ар тарапка жүгүртүүдөн не пайда бар!Сөздөрүм өлүк болсо, кайда көмөм, Кудайым?..Көздөрүм ачык бойдон көзүмдү жумам, Кудайым…Сөздөрүмдү пайдама далил кылгын Өзүң!Өлүк дилдерге өмүр суусу кылгын Өзүң!Аны окуган адамдын жүрөгү тирилсин, мындан ары,Жолдору пакырдык менен фанага бурулсун, мындан ары!Акром МАЛИК

3 300жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.