Тил

Даанышмандык

Бир жигит отурат эле кайгылуу,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Бир жигит отурат эле кайгылуу,Күтүүсүздөн аны пири чакырды «кел» деп.Мурид кайгы аны жок кылбастанМуршиддин алдына жетти желип.«Жашооңдун сахнасында калбады кубаныч,Абалыңдын сырын, — деди, — аңдап жет.Эмне үчүн таппайсың такыр сооронуч,Мусибат келүүдө мынча удаа-удаа?!Бил, тагдыр сага кандай кайгы берсе,Кылган амалдарыңдын сүрөтү ошол.Кудай башкага көп, сага аз берсе,Муну нафсыңдагы ач көздүктөн бил.Чынында, берилгени сен үчүн жетет,Бир гана канаатың жок, болгону.Пенде Хакка каршы козголоң кылганча,Кайгы ичинде гана табат адистик.Ыраазылыгың жок экен дилде, адамзат,Удаа-удаа, удаа-удаа азап, удаа-удаа.Ооруларың үчүн дебей жалаң дод,Анын хикматын бир жолу аңдап жет!Олуялар дешкен: асла шашпа,Не кылсаң, өзүңө кыласың өзүң.Бойуңдан бийик эч дарга асылба,Жерде табылбай калбасын изиң!»Акром МАЛИК

2 650жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.