ОНУНЧУ БӨЛҮМ
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
ОНУНЧУ БӨЛҮМ ҮЙ-БҮЛӨНҮН ЭКОНОМИКАСЫ
Ар бир үй-бүлө өз каржысын өзү чечиши керек. Бул ааламда адал эмгек аркылуу ырыскы тапкандай ырахат жок. Ырыскыга байланыштуу эки маселени чечип алууга зарылчылык бар: 1) ырыскы Кудайдан болуп, эч кандай себептерсиз деле Ал пенделердин ырыскысын жеткирүүгө кудуреттүү Зат. Бирок аалам себептүүлүктүн үстүндө тургандыктан, адамдын ырыскынын себептерин кармашы Хак Тааланын ааламга орноткон эрежелерине моюн сунуу жана урмат көрсөтүү болуп эсептелет. Киши ырыскы ал үчүн белгилеп коюлганын терең сезген абалда анын себептерине кайрылат. Эгер ырыскысы кең болсо, аз себеп менен чоң натыйжалар болот. Эгер ырыскы тар болсо, күнү-түнү чуркап-желгени менен киши эч нерсе колго киргизе албайт. Эч качан бирөөдөн акысыз нан күтпөңүз. Бул абдан уят абал. Эч качан бөтөндүн акысын арам жол менен албаңыз. Ырыскы тууралуу бул ишеним адамга мындай нерсени үйрөтөт: эң оболу, ырыскынын кайгысы менен боорунду канатпа. Ырыскың сага ар кайдан жетип келерине ишен жана шектенбе. Экинчиден, ырыскы табам деп өзүңдү отко-чокко, Алинин кылычына урба. Мүмкүнчүлүгүңдүн чегинде аракет кыл. Байыркылардан калган накылдарга караганда, күнүңдөн, ашып кетсе, сегиз саатын ырыскы табуу үчүн эмгекке жумша. Калганын болсо үй-бүлөңө, илимге, ибадатка бөл. Күндүн эң берекелүү бөлүгү – таң. Күн чыгардан бир саат мурун ибадатка даярдан, андан кийин ибадат кыл, андан соң тилават жана зикир менен алек бол, эң негизги иштерди ушул сааттарда бүтүр. Күч-кубат жетиштүү болот. Эгер мүмкүн болсо, саат 10:00дөн 11:00гө чейин уктап алуу керек. Андан соң кайра керектүү иштер менен алектенилет. Күн сайын бир убакта, белгиленген сааттарда уктоо жана белгиленген сааттарда иштөө максатка ылайык. Колубузда дажжалдын көзү деп сыпатталган телефон бар. Ошол нерсени тыйып алсак, дүйнө гүлстан. Бул жараксызды күн сайын саат 08.00дөн кечки саат 20.00гө чейин иштетип, андан соң андан ажырасак, кана! Көбүнчө торду (интернет) айтып жатабыз. Сегиз саат. Бүттү. Бир саат да кошпоо керек. Бир мүнөт да. Бирок ошол сегиз саатта чын жүрөктөн иштөө керек. Ошондо баары ордунда болот, буюрса. Ошентип, иш сааттары жана ырыскы тууралуу билип алдык. Эми үй-бүлө каржысын акылдуулук менен чечүүнүн экинчи негизи кеңешке байланыштуу. Бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн капчыгы бирөө болушу дегенди билдирет. Үй-бүлөдө бир казан кайнаган соң, капчык да бирөө болсун. Баары тапкан акчасын атасына тапшырышы керек.
чоң жана кичине чыгым деп аталган нерселер бар. Кичине чыгымдарды апа да башкарат, бирок чоң чыгымдарды ата чечиши шарт. Эгер үй-бүлө жаш болсо, эр-аял отуруп, бизге жашоодо эң керектүүсү эмне деген суроону ортого салышы керек. Азык-түлүк, кийимдер, темир-тезек жетиштүү экени белгилүү болгондон кийин, ашыкча нерсе албоого макулдашып алышы керек. Шаардагы дүкөндөрдөгү куурчактардын кооз кийинтилгенине шилекейин агызып карап, жаңы чүпүрөктөрдү сатып алуудан, ар кандай көчө тамактарынан жана ашканалардан адам өзүн тыйганы оң. Ушундай жол менен акча топтоо иштерин баштоо, жалпы жыйнактан этияттык менен, план менен аракет кылуу керек. Чоң каптын ичиндеги данды кичине тешик төгүп салгандай, майда чыгымдарга абдан олуттуу мамиле кылуу керек, керексиз майда чыгымдарга жол бербөө шарт. Керексиз күйүп калган чырак, агып калган суу, көңүл бурбоодон сындырылган шайман, жыртылган кездеме, калың аарчылган картошка, казанга керегинен көп салынган май, төгүлгөн кургак чай, ашып калып ачый турган тамактар, катып калып ыргытылып жиберилүүчү нан, акырына чейин колдонулбаган тиш пасталары – мунун баары ысырап деп аталат жана бул иштер жакырчылыктын пайдубалы. Ким буларга көңүл бурбаса, анын аты – акмак. Наадан. Үй-бүлөдө аялдын тилек-кумары көп. Көчөдө жүргөн башка бир аялдын алтыны жана кымбат кийими ага батат. Ошол себептен акылдуу аял күйөөсүнө моюн сунган абалда шайтан менен нафстин мындай азгырыктарына алданбайт. Акчаны үнөмдөп-кылдат пайдаланат. Эгер аял акчаны үнөмдөбөсө, тиричиликте береке болбойт. Бир нерсеге акча жумшоодон мурун ал керекпи деген суроого так жооп табуу шарт. Берекенин негизи – тазалык. Үйдү таза кармоо берекеге жана бакубаттыкка эшик ачат. Ошентип, акчаны топтоо жана үнөмдөө тууралуу сүйлөшүп алдык, үнөмдөлгөн жана топтолгон акчаны акча сандыгында (сейф) сактаңыз. Үй-бүлө башчысы күйөө бар акчанын өлчөмү тууралуу эч кимге сыр ачпаганы оң. Аял да байлык менен мактанган акмактардын катарына кирбөөгө бар күчүн жумшасын. Акчасы көбөйгөндүктөн өзүн башкалардан жогору сезген адамга, кайсы жыныска таандык болсо да, акмактан башка сыпат жарашпайт. Акчаны эмнеге жумшоо керек? 1. Илим алуу үчүн акчага муктажбыз. Анткени илим китептен алынат – китеп сатып аласыз; устаздан үйрөнөсүз, албетте, устаз сурабаса да, ага акы берүүнү абийирдүү адам өзүнө милдет деп билет. Өтө жакыр жана инсапсыздар илимди акысыз алам деп ойлошот. 2. Үйүңүз болбосо, акчаны үй, тагыраак айтканда, короо-жай алууга багыттоо туура иш. Чынында, адамдын жашоосу үчүн короо-жайдай жакшы мекен табылбайт. 3. Араба, башкача айтканда, машина. Алысты жакын кылат, зарылчылык туулса, «багат». 4. Балдардын келечеги үчүн каражат. Баланы окутуу, анын чыгымдары үчүн акча керек. 5. Ата-энеге кызмат кылуу, аларды ар кандай белектер менен кубантуу үчүн да акча зарыл. 6. Муктаж жана бечараларга жардам берүүдө акча абдан жакшы жардамчы. Акчаны көбөйтүү аны жыйноо менен гана эмес, тескерисинче, садага жана эхсан менен да болот. Акчанын өлчөмү нисапка жетсе, зекетти кубана-кубана берүү шарт. Акчаны эс алууга жумшоо маселеси да бар. Азыр чет өлкөгө барып эс алуу салтка айланган. Буга үгүттөгөндөр да бар. Ар кимдин тандоосу өзүнө. Бирок ар кандай сапардын так максаты болбосо, ага жөн эле акча жумшоо да акылдан тышкары иш. Саякаттын мындай себептери болушу мүмкүн: 1. Илим, башкача айтканда, илим издеп алыскы жерлерге сапарга барылат. 2. Соода, башкача айтканда, өз мекенине керектүү мал-товарларды алып келип сатуу үчүн саякатка чыгылат. 3. Ден соолук, башкача айтканда, оорулуу адам айыгуу максатында дары издеп сапарга аттанат. 4. Ибадат, башкача айтканда, ажылык же умра үчүн сапарга барылат. 5. Зыярат, башкача айтканда, улуулардын батасын алуу үчүн жана өткөндөрдү эскерүү үчүн мазарларга, күмбөздөргө жана кадамжайларга барылат. 6. Куугунтук, башкача айтканда, адамдын жанына зулумдук жана адилетсиздик, коркунуч жана кооп жетсе, сапарга чыгылат. 7. Кызмат, башкача айтканда, жумуш ордунун же улуулардын белгилүү бир тапшырмаларын аткаруу үчүн сапар кылынат. Бул тизмеге биз жумушту киргизбедик, ал эми азыр адамдардын көбү жумуш издеп чет өлкөгө кетишет. Ырыскы табуунун такыр мүмкүнчүлүгү жок болсо, балким, сапар мүмкүндүр, бирок сабыр менен ырыскыга канааттанып мекенде жашоону артык деп ойлойбуз. Узак мөөнөткө иштейм деп аялды, балдарды жалгыз таштап кетүү адамдык жашоого туура келбесе керек. Анткени бул көйгөй рухий да, физикалык да ачуу кесепеттерге алып келет. Эр жана аял бир үй-бүлө болуп туруп, тентип жашашы, балдардын тарбиядан четте калышы кооз эмес. Эгер бай болуу, акчалуу болуу, ток жашоо маңдайга жазылган болсо, ушул жерде да ырыскы кишини таап келет. Андай болбосо, жат жерлерге барып, эң оболу, ыйман, такыбалык, тарбия, ден соолук жана бейпилдик коркунучка кабылат. Анткени адал менен арамды ажыратуу түшүнүгү жок элдерде чочко этиби, ит этиби, тамак кылып бериле берет, мындай нерселерден кекиртекти сактоо абдан чоң көйгөй. Андан кийин да келгиндик тамгасы адамга урмат табуунун эшигин жабат. Баары бир, жат жерде моюнуңду ичиңе тартып жашоого аргасызсың. Элге өзүңдү канчалык бай-бакубат, мол-ток кылып көрсөтпө, жат элде башың ийилүү, моюнуң бүгүлүү, үнүң ичиңде экенин өзүң билесиң. Бөтөн мамлекеттин нанын жеп, суусун ичкен соң, анын баарына чыдайсың. Ошондуктан Кудай өз мекениңден жана өз махаллаңдан ажыратпасын. Карыз маселеси да бар – мүмкүн болушунча карыздан сактануу туура. Карыз адамды кул кылат. Карыз бергендин алдында ийилүүгө аргасызбыз. Кудай бардык карыздарларга куткарылуу берсин! Эң чоң эскертүү – бир тамчы да арамды үйгө киргизбеңиз! Бир тыйын да арам акчаны жумшабаңыз! Арам эки дүйнөбүздү тең кыйратат. Сөзүбүздүн аягында эң биринчи сөзгө кайтабыз – ырыскынын түйшүгүнө кул болбогон, ысырап кылбаган, суктануудан, карыздан сактанган, план менен жумшаган, керек болсо, чыгым дептерин жүргүзгөн, эхсан менен садаганы, канаат менен шүгүрдү милдет деп билген үй-бүлө бай болот, эч кимге көз каранды болбойт.
Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.