ОН БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
ОН БИРИНЧИ БӨЛҮМ
ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ТАМАКТАНУУ, ДЕН СООЛУК ЖАНА ТАЗАЛЫК
Ден соолук жана тазалык дайыма жанаша. Үй-бүлөдө тазалыкты жана ден соолукту сактоо бири-бири менен тыгыз байланыштуу. Табигый эле, ден соолуктун дагы бир негизи – тамак. Тазалык жана тамак талапка ылайык болсо, бүт үй-бүлө сак-саламат болот, Кудай буюрса. Тамактанууда адалдык жана тазалык эрежесине – принциптерине таянуу керек. Адалдык дегенде, кекиртекке түшүп, ашказанга барып, күчкө айланып, денеге сиңип, андан соң ашыкча бөлүгү сыртка чыгып кетүүчү тамакты маңдай тер менен табылган акчага даярдоо жөнүндө айтып жатабыз. Тамак үчүн май, ун, пияз, картошка, сабиз жана башка жашылча-жемиштерди, азыктарды акчага сатып алабыз, ошол акча өзүбүздүн эне сүтүндөй адал, иштеп тапкан акчабыз болсун. Бирөөнү канын какшатып, каргышына калып, пара катары же уурдап, алдап алынган акчага нан албайлы. Андай акча арам деп аталат. Адам мамлекеттик кызматта иштейт. Мамлекет ага иштегени үчүн айлык берет, бирок киши бул маянага канааттанбайт, тескерисинче, өзүнө муктаж адамдардан кошумча акча талап кылат, бул акчанын аты – паракорлук же пара, аны алуу – арам. Буга шек жок. Иши бүтүшү керек болгон ар кандай бечара жана эзилген адам аны атүгүл садага деп да берет. Бирок акча бербегени үчүн адамдарды дарылабаган доктур, илимий ишти бекитпеген чоңдор, документтерге кол койбой кемчилик издеген кызматкер, күнөөсүздү күнөөлүү деп өкүм чыгарган, атүгүл жалаа уюштурган милиция жана соттор, жалпысынан, ушул ишти кылган бардык адамдар арам кесим жеп жатышат жана алардын үстүнөн адамдардын каргышы жаап турат. Адам мамлекеттин ишине кирдиби, ал айлыкка канааттанам деп кирди, канааттанбаса, барсын да башка иш кылсын, бирок мамлекеттин атынан элдин да, мамлекеттин да акысын жебесин. Өзү жесе да мейли, бала-чакасына жедиргенине эмне дейсиз?
Ошентип, тамак үчүн адал акча жумшоо керектигин эскердик, эми картошка, пияз менен сабизди аарчып, тамакка салаардан мурун алардын ар бирин үч жолу үстүнөн суу агызып, ышкылап жуу керек. Ооба, ушундай: жашылчага суу куясыз, ышкылап жуусуз, сууну төгөсүз, дагы ушундай жол менен аны жуусуз. Жумурткага олуттуу мамиле кылуу керек. Жумуртка тооктун кык чыгуучу жеринен чыгат жана анын катуу бети тооктун былжыраган, тунук кыгы менен капталат, аны жок дегенде күл же атайын гель менен жубасаңыз, кетпейт, аны чагып табага салганыңызда ошол былжыр эрип, бирге тамакка, тамак аркылуу сиздин баалуу денеңизге кирет, ошондуктан жумуртканы күл же гель менен үч жолудан жуу зарыл жана милдеттүү. Идиштерди да кирден же ыпластыктан тазалоо жетишсиз, аларды дагы үч жолу өзүнчө суу агызып жууп алуу талап кылынат. Кол жууганга да абдан көңүл буруңуз: даараткандан чыккан соң, сөзсүз самындап жууңуз. Жууганда да бүт алаканыңызды жана колуңуздун муундарына чейин, манжалардын арасын да үч жолудан өзүнчө жууңуз. Тамакка кир суулар тамчылабашына көңүл буруңуз. Мындай иштерге көңүл бурбоонун натыйжасында тамагыңызга ыпластык, кир аралашат. Бул нерселер тамактын даамын бузбаса да, денеңизге кирип, каныңызга күч катары аралашып, көңүлүңүздүн бүдөмүк болушуна, бетпак, уятсыз, жүрөгү катуу, акылы шал адам болушуңузга алып барат. Кол жуубай, ыплас идиштерде сол колу менен тамак жеген адамдар, албетте, кир жүрөктүү, албетте, алардын акылы кыска. Демек, тамакты эң таза азыктарды таза болгонго чейин жуугандан кийин колдонууга макулдаштык. Таза азык дегенде, биз үчүн адал саналган эт жана нерселерди айтып жатабыз. Бисмиллахсыз союлган эт, чочконун эти, иттин эти жана жалпы эле арам нерселерди такыр жебейбиз, анткени аларды жууганыңыз менен тазалай албайсыз. Тамактар мезгилге жана аба ырайына жараша суюк жана коюу, ошондой эле күч берүүчү болушу маанилүү. Ачыткылуу камырдан болгон нанды жеш керек. Мүмкүн болушунча шоколад, печенье, жалпысынан, көчөдө бышырылган ар кандай түрдөгү бышырылган азыктардан алыс болгон жакшы, себеби, биринчиден, тазалык принциптерине канчалык сакталганы бизге белгисиз, экинчиден, алардын курамына бузулбасын деп кошулуучу химиялык жасалма заттарды камина акырындык менен таасир этүүчү уу деп билет. Ошондуктан ар бир үй-бүлө жей турган нерселеринин баарын өзү колдо даярдаганы эң туура иш. Атүгүл жумуш ордундагы түшкү тамакты да үйдөн алып кетүү жакшы адат. Мындан тышкары, үйдө даярдалган тамак көчөдө бышкан шектүү тамактан бир нече эсе арзанга түшөт. Дасторкондо түстүү ар кандай суусундук, түстүү ар кандай таттуу турбашы керек. Тескерисинче, кургатылган өрүк, кагы, мейиз, жаңгак, ачык пиште, набат, бал, сары май жана үйдө даярдалган нерселер менен дасторконубуздун толушу көркөм жана акылдуулук болор эле. Үй-бүлөдө төрт маал тамактануу сунушталат. Эртең менен эртең мененки тамак, түшкү тамак, асрдан мурунку кичине тамактануу (муну айрым аймактарда алвон дешет), андан соң кечки тамак. Эң маанилүү эреже мындай: тамак убагында үйдө болгондордун баары милдеттүү-ыктыярдуу түрдө дасторконго келсин. Эч ким капамын, убактым жок, бош эмесмин деп четте калбасын. Албетте, баары бир убакта дасторконго келсин, бир убакта тамактанууну баштасын, табигый, үй-бүлөнүн улуулары тамакты баштап беришет; баары бир убакта тамактан турсун, эч ким бар нээматтардан четте калбасын, баары Алла берген ырыскыдан пайдалансын, береке деген ушул. Дагы бир маанилүүсү – бир убакта тамактанганда баарынын курсагы токсун, ошондо убакытсыз тамак издөөгө муктаждык калбайт, тартиптүү тамактануу менен семирүү же ашказан оорусу да болбойт. Камина өз үй-бүлөбүздүн тажрыйбасынан келип чыгып айтсам, атамдын бир туугандарынын – агаларым менен эжелеримдин арасында ашказан оорусу жок, анткени ал үйдө дайыма баары бир убакта белгиленген саатта жакшы жана кооз тамактанышат. Курсак жакшы токсо, адамдын ою алаксыбайт жана жакшы иштейт, жакшы илим алат, жакшы ибадат кылат. Чымчып тамактанып, кийин ар жарым саатта тоюуну билбей кармалана берүү адеп жагынан да, ден соолуктун талабы жагынан да туура эмес. Тамактануу тууралуу жалпы жана маанилүү сөздөрдү айттык. Тамактанганда шашпоо, чапылдатпоо, кекирбөө, өз алдыңдан алуу, шашпай чайноо жана ушул сыяктуу адептер ар кимге белгилүү болсо керек, албетте. Дагы бир маанилүү эреже: тамакты жетиштүү даярдоо керек – ашып же жетпей калбасын, ашып калган тамакты тоңдуруп, жылытып жегенден качуу, тескерисинче, дайыма жаңы тамак даярдоого умтулуу керек. Бул маселеде жалкоолук кылбоо керек, ар сапар жаңы тамак даярдоо жок дегенде тамактан ууланууну алдын алат. Бул үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн зарыл болгон тамактануу адеби тууралуу сөздөр эле, эми болсо короо, үй, кийимдердин тазалыгы жөнүндө бир аз токтолобуз. Үй-бүлөдө күнүнө эки маал тазалоо иштери болушу сунушталат. Башкача айтканда, үй бийкечтери, кыздар жалкоолонбой, ишти так бөлүштүрүп, короо менен бөлмөлөрдү эртең менен жана кечке жуук тазалап чыгышы шарт, бул – шыпыруу, пол жана чаңды аарчуу дегенди билдирет. Бул иш жылдын он эки айында, жуманын жети күнүндө адаттагыдай болушу керек. Тазалык мүнөздү тунук жана таза кармайт, адамдын сергек жана шайыр маанайда болушун камсыз кылат, мындай үй-бүлөнүн балдары да таза адамдар болуп чоңоюшат. Тазалыкка көнгөн адам кичине кирге да чыдай албайт. Таза эле го деп тазалоодон качуу акыры шалаакылыкка көнүп, ыпластыкты кадимки нерсе катары кабыл алууга алып барат. Тазаларга даңк болсун! Үйдө кир кийим үйүлүп жатпасын, кир болгон кийимдерди тез жуу, айрыкча ич кийимдердин тазалыгы биринчи кезекте көзөмөлдө болушу шарт. Ысык күндөрү ич кийимдер күн сайын тазаланса, максатка ылайык. Дененин тазалыгына ар бир киши абдан катуу көңүл бурушу, ата-энелер балдардын таза жүрүшүнө абдан көңүл бурушу керек. Аялдардын жана эркектердин ич кийимдери бөтөндөр тургай, атүгүл үй-бүлө мүчөлөрүнүн көзүнө да түшпөшү керек. Короо жана бөлмөлөр жыпар жыттуу болуп турушу үчүн райхан, роза жана башка түрдөгү гүлдөр отургузулушу керек. Бөлмөлөргө күн сайын жаңы үзүлгөн гүлдөрдү суу куюлган гүлкаптарга салып коюу сунушталат. Үй-бүлө бул иштерден эринбеши керек. Күн сайын бул иштерди кылышы керек. Тазалык иштеринен кийин кооз гүлдүү дасторкондун үстүндө ысыкка чай же кофе ичүү кандай гана сонун, туура эмеспи? Мисалы, пашмак, халва, шабдалы же өрүк же алмуруттан даярдалган кыям же курма менен? Сонун, ээ? Мындай ырахатты тазалыкты сүйгөндөр гана билишет жана алар буга татыктуу! Айтмакчы, тазалоо – бул аялдардын гана иши дегендик эмес, эркектер да эшиктин алдын, үйдүн ичин шыпырып-тазалоодо, аарчып-сүртүүдө мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берсе, артыкчылык болот. Эгерде көчөнү тазалоо керек болсо, бул иш эркектин гана мойнунда. Эркек өзүнүн махрам аялдарын көчө тазалоого чыгарбайт. Ошентип, сөзүмдү жыйынтыктасам: өз убагында ушундай адал, таза тамактанган, таза жашаган, ичпеген, чекпеген, ачууланбаган, эч качан кыйкырбаган, зулумдук кылбаган үйдө кимдир бирөө ооруп калышы мүмкүнбү? Акыры, акыл жана зиректик менен оорулардын эшигин жабууга болот экен го! Күтүлбөгөн мүшкүлдөр жана балээлер деп айтасызбы? Бирөөнүн мурдун канатпасаңыз, адал жашасаңыз, балээлер сизден алыс турат, мындан тышкары, күн сайын Расулуллах саллаллаху алейхи ва салламдан келип жаткан дубаларды окуп жүрсөңүз, сизге эч кандай күтүлбөгөн мүшкүл зыян келтирбейт, Кудайдын уруксаты менен.
Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.