Тил

ОН ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

ОН ЭКИНЧИ БӨЛҮМ — сүрөт

ОН ЭКИНЧИ БӨЛҮМ ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ

Илим – чындыктарды бизге түшүндүрүүчү каражат. Илим болбосо, илим менен алектенбесек, ар бирибиз наадандык сазына батабыз. Элестетип көрүңүз: ар бир үй-бүлө китеп окуйт, ар бир үй-бүлө илимдин баасын терең түшүнөт; илимине ыкылас менен амал кылат. Илим максатына жана милдетине жараша ар түрдүү. Эң оболу илим пайдалуу жана пайдасыз илимге бөлүнөт. Пайдалуу илим кыйынчылыгыңызды жеңилдетип, жүрөк менен акылды караңгылыктан жарыкка алып чыгып, рухуңузга тынчтык тартуулайт. Пайдасыз илим сизди андан бетер кыйынчылыкка дуушар кылып, жүрөгүңүз менен акылыңызды жарыктан караңгылыкка ыргытып, рухуңузду тынчсыздануу жана азгырыкка кабылтат. Пайдалуу илим – колдонмо илим. Колдонмо илим эки бөлүккө бөлүнөт: жашоодогу мамиле жана рухий тынчтык үчүн зарыл болгон илим жана кесип-кол өнөрчүлүккө тиешелүү илим. Жашоодогу мамиле үчүн адамга адеп илими керек. Адеп – ар кимге жана ар нерсеге керек болгон мамиле. Адеп илими зирекликти жана акылды өнүктүрөт. Адеп илими адамдын ички жана тышкы жагы үчүн керек. Тышкы адеп – сүйлөө, сөз тандоо, айланадагы ар бир адамга ылайыктуу түрдө мамиле кылуу. Тышкы адептин эң биринчиси – сөздү азайтуу, көп сүйлөө аркылуу бардык балээ келет. Сүйлөгөндө жакшы сөздү гана айтуу – экинчи эреже. Ибадаттар тууралуу илим пайдалуу илим болуп эсептелет, бул жөнүндө «Үй-бүлөдөгү ибадаттар» бөлүмүндө токтолобуз. Ички адеп – жүрөктү жана кыялды жаман ойлордон тазалоо илими. Адамдар жөнүндө жаман ойдо болуу, нафсилик жана айбандык ойлорду жүгүртүү сыяктуулардан кутулуу үчүн бул илим зарыл болуп эсептелет. Кесип жана кол өнөрчүлүккө тиешелүү илимдер мындай: адам кайсы кесип же өнөр менен алектенсе, ошол тармактын илимин терең жана ар тараптуу билиши шарт, ошондой эле бул жагынан өз чеберчилигин жана билимин кеңейтүүдөн эч качан токтобошу керек. Өндүрүш, тейлөө жана башка кандай тармак болбосун, киши анын илимдерин кылдат өздөштүрүп, иш жүзүнө ашырсын, анткени бул ал үчүн милдеттүү. Кесип жана кол өнөрчүлүккө тиешелүү илимдер адамдын материалдык жашоосу үчүн зарыл, ошондуктан адамдардын көбү бул маселеде анча олуттуу кыйынчылыктарга учурабайт, бирок жүрөктү жана ички дүйнөнү таза жана тынч абалда сактап туруу, акылды дайыма пайдалуу ой жүгүртүү менен алек кылуу көпчүлүк адамдар үчүн абдан чоң кыйынчылык жаратат. Адамзат күн сайын тамакка жана сууга, ошондой эле дененин тазалыгына муктаж болгондой эле, рухун да азыктандырууга муктаж. Рухтун муктаждыгы илим жана агартуу менен канааттандырылат. Ошондуктан адамзат дайыма адамгерчиликке жана жакшылыкка чакырган, жырткычтыктан жана жамандыктан кайтарган илимдерге, китептерге, мутолаага жана маектерге кайрылып турушу керек. Күн сайын жок дегенде үч жолу тамакка, эки жолу жуунууга зарылчылык бар экен, илим алууга жана агартуу маектерине да мындан кем эмес деңгээлде көңүл буруу керек. Дененин күчү жана ырахаты үчүн таза жана адал тамак, таттуу жана тунук суу беребиз, эгер ыплас жана булганыч тамакты денебизге киргизсек, албетте, ооруга чалдыгабыз. Эң кызыгы, адамдын денесинен ал жеген нерселердин жыты чыгат. Чочко жесе, чочконун жыты, ит жесе, иттин жыты; арак ичсе, арактын жыты; гүл суусун ичсе, гүл суусунун жыты чыгат. Койдун чыныгы жыты жыпар, болгону анын асты тазаланбаса, кык көбөйүп, кыктын үстүндө жата берип, тирүү койдун эти жыттанып калат. Ошол себептен кой этин жеген адамдын терисинен да жакшы жыттар тарайт. Илим жана агартуу, китеп жана мутолаа, маек жана жолугушуу жүрөктүн азыгы болгон соң, бул азыктын да таза жана адал болушу маанилүү. Тамак оозден кекиртекке, кекиртектен өңгөчкө, өңгөчтөн ичке түшкөндөй, илим жана агартуу көз жана кулак аркылуу жүрөккө жол алат. Оозго ар нерсени тыга берүүгө болбойт, көз жана кулактан да ар нерсени куя берүү жакшы эмес. Ыплас тамак ашказанга түшөр замат адамдын денесин оор жана алсыз абалга салгандай, ыплас сөз жана ыплас сүрөттөр жүрөктү ошондой азапка салат.

Тамактарды аралаштырып жегенге болбогондой эле, мааниси бири-бирине карама-каршы нерселерди окуу, угуу жана көрүү да жүрөктү жана кыялды адаштырып жибериши табигый. Денебиз зат болгондуктан, андагы уу тез эле өзүн көрсөтөт, бирок жүрөгүбүз назик жана көзгө көрүнбөгөндүктөн, уулуу илим жана пайдасыз маалымат бизге дароо билинбейт, бирок шексиз, бул нерселердин чабуулу өзүн көп күттүрбөйт: көңүл чөгүү, себепсиз кайгы, көрө албастык, азгырык, тынчсыздануу, жалкоолук, зээндин төмөндүгү, ойду топтой албоо, алаксыгандык жана бир катар рухий иллеттер дал ушул уулардын натыйжасы. Атүгүл бул уулар денеге да таасир этет, анткени рух дененин ар бир жеринде жайгашкан, рухка түшкөн уу бүт денени эзип жиберет. Рух бул уудан кутула албай, тордогу куш өзүн торго урган сыяктуу ар тарапка урунат, ушул учурда адам көңүл чөгүүгө жана маанайсыздыкка кабылат. Мындан келип чыгат: жүрөгүбүз жана акылыбыз үчүн уулуу болгон ар кандай сөз жана сүрөттөрдөн сактанышыбыз шарт. Бул сөздөрүбүздүн баары илимдин мааниси жана маңызы, адам жашоосундагы орду тууралуу болду, эми үй-бүлөдө илимди кантип жолго коюу жөнүндө сүйлөшөбүз. Илим ээлери коомдун жалпы санына салыштырмалуу өтө аз. Тилекке каршы, адамдар илим ээлерин эч качан татыктуу баалаган эмес, тескерисинче, аларга азап жана кордук көрсөтүшөт. Ошондуктан үй-бүлөнүн биринчи иши – илим ээлерин баалоо жана урматтоо. Экинчи иш, мисалы, айына бир жолу ишенимдүү жана амалы көркөм илим ээсин үйгө чакырып, балдар менен бирге андан илим алуу. Устаздан биздин тарбиябыз, акыл-эс жана зиректигибиз үчүн зарыл, адеп жана адамгерчиликти үйрөтүүчү илимдерден бөлүшүңүз деп суралат, устаз үйгө чакырылат, конок кылынып, урматталат, андан соң ата жана балдар чогулуп отурушат, устаз аларга бир саатча китеп окуп берет жана суроо-жооп өткөрөт. Бул кызматы үчүн устазга жакшы гана белек берүү жана жакшы сөздөр менен көңүлүн кубантуу керек болот. Үчүнчү иш – албетте, үйдө китепкана болушу керек. Жакшы жана жаңы китептерден сатып алуу, окуу, ошондой эле устаздын алдында аны талкуулап, маанисин чечмелөө керек. Албетте, балдардын окуусуна, мектеп сабактарына да көз салып турулат, кыйынчылыктары болсо, жеңилдетилет. Баланы репетиторго же окуу борборуна берүү менен иш бүтпөйт, ошондуктан биз берип жаткан сунуш, иншаа Аллах, иш жүзүндө үзүрүн бере турган бекем сунуш. Мындан тышкары шаарда өтүүчү жакшы илимий иш-чараларга жана маектерге баруу керек. Кайсы жерде илимден сөз болсо, албетте, андан пайдалануу керек. Шексиз, бул жерде пайдалуу илимдер жөнүндө сөз кылып жатабыз. Эгер ушундай иш кылынса, ар бир үй-бүлө буга көнсө, албетте, илим адамдарды азиз кылат, мүнөзүн көркөмдөйт жана алардын ак ниет-ыймандуу, сабыр-туруктуу болушуна кызмат кылат.

Акром МАЛИК

1 910жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    ОН БИРИНЧИ БӨЛҮМ

    ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ТАМАКТАНУУ, ДЕН СООЛУК ЖАНА ТАЗАЛЫК Ден соолук жана тазалык дайыма жанаша. Үй-бүлөдө тазалыкты жана ден соолукту сактоо бири-бири менен тыгыз байланыштуу. Табигый эле,…

    7 мүн.

    ОНУНЧУ БӨЛҮМ

    ҮЙ-БҮЛӨНҮН ЭКОНОМИКАСЫ Ар бир үй-бүлө өз каржысын өзү чечиши керек. Бул ааламда адал эмгек аркылуу ырыскы тапкандай ырахат жок. Ырыскыга байланыштуу эки маселени чечип алууга…

    6 мүн.

    ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМ

    Үчүнчү бап Чоңоюунун тепкичтери Эки жаштан кийин баланын чоңоюшу тездейт – бүтпөгөн суроолор, жайнаган көздөр, оюнкараактык. Өзбекче «бола» – бала өз аты менен бал! Бал, ээ?!…

    6 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.