ЭРКИН АДАМДЫН ФИЛОСОФИЯСЫ
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
ЭРКИН АДАМДЫН ФИЛОСОФИЯСЫ
Биринчи бап
Көрүнүш
Азыркы учурда байкалып жаткан абал, менин оюмча, мындай: жашы улуулардын жоопкерчилик сезими азайган, алар жаш муун, өзгөчө өз балдарынын келечеги жана адеп-ахлагы алдында жоопкерчиликти сезишпей жатат.
Бул чындыктын көрүнүшүн бизге мындай сүрөт ачып көрсөтүүдө: мектепти бүтүрүп келе жаткан жигит-кыздар, мектепти бүтүргөндөр да, жогорку окуу жайды аяктагандар да өз келечегин кандайдыр бир түрдө элестете алышпайт – бул биринчи жагдай; экинчи жагы мындай: жаштар жалпысынан да, жекече да, жапырт да, жалгыз-жарым да өз баасын, инсан катары анын наркын аныктай турган мүнөз жана адеп эрежелеринен, азыркы тил менен айтканда, адамдык маданиятты көрсөтүп бере турган негизги көндүмдөрдөн кабарсыз чоңоюп жатышат.
Өзүн издеп, өзүн таанууга умтулган жаштар эс тартып баштаганда, мен киммин, кантип жашашым керек деген суроого туш болушат. Ушул суроого жооп издеп, тегерегин карап, баарына көз тигет. Денесинде ойгонуп жаткан кумардын ырахатына жана коомдогу баш аламандыкка, эч кимдин эч ким менен иши жок экенине, адамдар бири-бирин алдап, бири-биринин көңүлүн оорутуп жатканына күбө болот жана ийнин куушуруп, бир азга катып калат.
Ар кандай булактарга кызыгат, табиятына жана үй-бүлөдөгү чөйрөсүнө, кезиккен алгачкы таасирлерине жана сезимдерине таянып, акырындык менен турмуштук принциптерин калыптандырууга киришет. Коомдогу кызыл сызыктарды көрөт – эмне болот, эмне болбойт. Эң кызыгы, бүгүнкү күндө кызыл сызыктар саясатта гана калган, болгону ушул.
Дээрлик калган бардык кызыл сызыктар басып өтүлгөн жана алар өчүрүлүп да жатат. Аябай алсырап калган адеп-ахлактык, тагыраак айтканда, үрп-адатка тиешелүү кызыл сызыктардын үстүндө чуу көтөрүшүүдө.
Жаштар көз ачып көрүп жаткан дүйнө мындай: баары оюн-күлкүнүн артынан чуркап жатат, эч ким машакатка жана кыйынчылыкка макул эмес, мүмкүн болушунча ыңгайлуулук жана дабдырдык жаратуунун ышкысында адамзат күйүп-бышып жатат; тамак-аш ашкере көп; суусундуктар ар түрдүү; бардык нерсе босогого жеткирилип берилүүдө. Адамдардын бакыт-таалайы, кубаныч-шаттыгы үч нерсе менен өлчөнүүдө: байлык, ырахат жана атак-даңк. Баары бай болсом дейт.
Акчам көп болсо дейт. Көп акчага араба алсам, бийик үй курсам, жумшак төшөктөрүм болсо, кооз буюмдарым болсо жана башкалар. Бул байлыктын жардамы менен пайда болгон нерселерден көздөрүм, денем ырахат алса – даамдуу тамактар, таттуу суусундуктар, деңиз жээгинде эс алуу, дененин сулуулугу үчүн спорт, сулуу жуптар колго тийсе!
Андан кийин баары аны таанып, кол чапса, бул кандай жол менен болору кызык эмес, эң негизгиси, адамдар таң калып, манжасы менен көрсөтүп, кандай гана белгилүү адам дешсе, болду. Ошондуктан блог жүргүзүшөт, ар түрдүү контент даярдашат, ыр ырдашат, бий бийлешет, калк кызык деп эсептеген маселелерде баарынын көңүлүн бура турган пикирлер билдирилет; керек-керексиз жерде ар бир көйгөйгө мурун сугула берилет.
Бул каалоолорду ишке ашыруу үчүн бардык шарттар даяр: спорт залдары, концерттер, музыка жана ыр сынактары, фестивалдар, социалдык тармактар жана кызыктыруулар. Канчалык уятсыз болсоң да, сага сөгүш берген эч ким жок. Оюңа келген ар кандай кылыкты кылсаң да, жаза албайсың – кыймыл-аракетиң кылмыш деген ат менен мыйзамдар китебине жазылбаган болсо, болду. Кылмыш кылсаң да, дээрлик машакаттуу жагы калбагандай, мисалы, адам өлтүрсөң, 20 жылга камаласың.
Түрмөдө бир жерден чыкпай турганыңды эсепке албаганда, тамак-ашың ордунда. Жакындарың менен ар үч айда жолугушуу. Ансыз деле эркиндикте да алар менен көп деле көрүшпөйт элең. Мамлекет сендей киши өлтүргүчтү бекер багат. Анын үстүнө, Батыш тараптагы өкмөттөр биз соттолгон кылмышкерлердин укуктарын коргойбуз, алар аппак куу жаздыкта уктасын деп талап да коюшат. Жана башкалар.
Мына ушул контекстте эми бой жетип келе жаткан жигитти же кызды баарынан мурда мындай маселе ойлондурат: «Кантип иштеп акча тапсам?»
Адам болуу, турмуштук принциптерди аныктоо артта калат. Тирүү калуу маселеси баарынан мурун келет.
Албетте, мен киммин жана кантип жашашым керек деген суроо ушул процессте чечилип кетет: мен коомдук бир жандыкмын; иштешим керек, иштешим үчүн кесибим болушу керек, кесибимди кемчиликсиз өздөштүрүшүм үчүн окушум керек, окушум үчүн аракет жана сабыр керек, ата-энемдин акчасы керек, жакшы тааныштарды күтүшүм керек, иштерман жана тырышчаак болушум керек, жетекчини капа кылбашым керек, адамдар менен ымала табышым керек, кооз кийинишим зарыл, бой-келбетим ордунда болсун, семирип кетпейин, акылдуу көрүнөйүн, сөзмөр болоюн, өз статусумду ачышым керек, душман күтүүгө болбойт!
Дагы кошумчаласак: айыкпас ооруга чалдыгып калбайын, беделим төгүлбөсүн.
Эмне үчүн жашап жатасың деген суроо бул тыгыздыктын ичинде жоголуп кетет, анткени процесс ушунчалык тез, бир көз ирмем токтоп ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк жок: тезирээк бол, чурка, кечикпе, акча тап, белгиле, майрамда, кийим ал, мектепке бар, айдоочулук күбөлүк ал, окууга даярдан, оку, жатта, сынак тапшыр, курстук иш жаз!.. жана башкалар.
Эгер бул иштердин бирөөнөн кечиксең, бүттүң дей бер: сен коомдун эң артта калган өкүлүнө айланасың: сени эч ким эстебейт, даврага чакырбайт, урматтабайт, инстаграмда контентиңе эч ким кызыкпайт.
Анын үстүнө, кечээ жумурткадан чыккан бир карыш жөжө короз үгүтчүлөрдүн кыйкырыгы басылбайт: soft skill топто; өзүңдүн үстүңдө иште; чет өлкөлүк университеттин грантын утуп ал; көп китеп оку; максатыңды так белгиле; өз ордуңду тапканга чейин ар тарапка секир! – бул иштердин баарын мен кылгам, мына, менден үлгү ал! (чындыгында, иттен беттер жалкоомун, чочкодон беттер кирмин, айтып жаткан нерсем – менин спектаклдеги образым)
Ошентип, баарынын көзү виртуалдык дүйнөгө тигилген, тамак жеш, кийинүү, иштөө жана даарат ушатуу үчүн андан ажыроо мүмкүн, бирок ушул учурларда да виртуалдык дүйнөдөн ажырай албай жатышат:
«Коом саясий жактан ойгонушу керек! Саясий активдүү болуубуз керек! Мына, Жон Локк... Мына, Монтескье... Мына, күчсүздөрдүн күчү... Бул коомдук ой жүгүртүүнүн кристаллдашкан формасы... Саясий таутология жана непотизм... Демократиялык принциптер жана либералдык көз караштар менен ашкере консервативдик мамиленин ортосун ажыратуу керек...»
«Сиз ата-бабаларыңыз кылган күнөөлөрдүн шорун тартып жатасыз... Сиздерди мен дарылайм... Балалык жаракаттардан кутулуңуз... Баарын кечириңиз... Бир кагазга бардык күнөөлөрүңүздү жазыңыз...»
«Аялдарга күйөөлөрү зулумдук кылышат... Өзүңүзгө убакыт бөлүңүз... Сиз аялсыз, муну унутпаңыз...»
«Негизги маселе – интимдик жашоо... Бизде андан уялышат... Уялбаш керек, акыры, бул жашоо...»
«Коом эркин ой жүгүртүшү керек... Ой жүгүртүүгө тоскоол болгондорду асфальт төшөөчү каток менен басып таштоо керек... Кырк миллиондук биомасса чыгармачылыкты түшүнбөйт... Искусство искусство үчүн... Сүрөт көрүлөт, музыка угулат, ыр окулат...»
Албетте, бул сыяктуу цитаталар виртуалдык дүйнөнү толтурган ызы-чуунун баарын камтып алышы мүмкүн эмес, анткени маанисиз вайндар, ээсиндей эле даамсыз ырлар жана сөзгө көчүрүп жазуу кыйын болгон сандырактар бар, аларды атүгүл классификациялоонун да мааниси көрүнбөйт, бирок бул нерселердин баары бүгүнкү күндө дээрлик бардык адамдардын мээсинде үңкүрдөгү жаңырыктай айланып жүрөт.
Кап-караңгы токой. Түн. Бак-дарактардын сөңгөктөрү, бири-бирине чырмалышкан бадалдар, саздар, чыйылдаган, кырылдаган үндөр угулат. Асмандагы айдын нуру калың бутактардын арасынан араң өтүп, токойдун бетине түшөт.
Ушул маалда капысынан тарс эткен үн угулат: жерге кайдандыр, жөн эле, жоктуктан бир мээ жана бир жүрөк бири-бирине туташкан бойдон бүтүн дене болуп түшөт. Капысынан айлана дуулдап кетет: бак-дарактар менен бадалдардын арасынан эсепсиз көп чөөлөр, кашкулактар, түлкүлөр жана башка жырткычтар атылып чыгат. Алардын баары мээ менен жүрөктү өзүнө олжо кылгысы келет.
Мээ ордунан турат, үстү-башын каккылайт. Жүрөк бир калыпта согууда. Бул экөө азырынча бул жырткычтарды тааныбайт, ошондуктан коркпойт. Баарына таң калып карайт, баары кызык көрүнөт. Арасында ар кандай жыландар да бар: кобра, суу жыланы, сары жылан, кара жылан, ок жылан...
Таң калыштуусу, эч бири мээге жана жүрөккө кол сала албайт, себеби мээ менен жүрөк бул жаныбарлардын кайсынысына ыктаса, ошого олжо болот экен, ушундан улам бардык жырткычтар өз өнөрлөрүн көрсөтөт: баары мээ менен жүрөктү өзүнө ээрчитип кетсе...
Бул көрүнүштүн маанисин урматтуу окурман түшүнгөн болсо керек: мээ менен жүрөк – бүгүнкү күндүн баласы; кап-кара токой – виртуалдык дүйнө; жырткычтар – виртуалдык дүйнөнүн сыйкырчылары. Жаш жүрөк кайсы жырткычка туткунга түшпөсүн, анда кандайдыр бир чындыкты түп-тамырынан ачууга мүмкүнчүлүк болбошу мүмкүн.
Эмне үчүн жашап жатам? Кантип жашашым керек? Бейпилдик деген эмне? Адам ким? Адамгерчилик деген эмне? Адилеттик кайда? Чындык деген эмне?..
Бул сыяктуу суроолор ачык калат. Эртең чоңоюп, мээси катып калган жигит же кыз кийин дененин гана камын ойлоп калат.
Ал азырынча жаш болсо, анын руху азырынча карарып кете элек болсо, анын жүрөгү азырынча ооруга чалдыга элек болсо, напсиси азырынча аны чынжырлап ала элек болсо, баарын түшүнүшү керек. Эркин адам бойдон калышы керек. Эркин адам болуу үчүн аалам, жашоо жана адам жөнүндөгү бардык сөздөрдү системалуу түрдө үйрөнүп чыгууга аргасыз.
Кызык, адамзат бул айтылган абалга азыр келип туштубу? Тарыхта кандай эле? Өнүгүү кандай өттү?..
Акром МАЛИК



Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.