Жашообуздагы иштер эки бөлүктөн турат: биздин ыктыярыбыздагы иштер жана биздин ыктыярыбыздан тышкаркы иштер.…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Жашообуздагы иштер эки бөлүктөн турат: биздин ыктыярыбыздагы иштер жана биздин ыктыярыбыздан тышкаркы иштер. Акыйда илиминде адамдын ыктыярын куллий ыктыярдын жузъу (бөлүгү) деп аташат. Куллий ыктыяр — ыктыяр кылуунун баары Кудайда; бул ыктыярдын кичинекей бөлүгү адамга да берилген, анын аты жузъий ыктыяр деп аталат. Же бул маанини иститаат сөзү да билдирет. Адамдын саат канчада укташы, ойгонушу; жакшы сөздөрдү айтышы же жаман сөздөрдү тандашы; адал эмгек кылышы же арам-ашам жеп-ичиши; ибадат кылышы же андан жүз буруушу — булардын баары жузъий ыктыярдагы же иститааттагы иштер. Анткени акыл бул иштерде адам эки иштин бирин тандай турганын ырастайт: кечки саат ондо эле уктоо да мүмкүн; телефонду казып, ар нерсени көрүп, түн жарымынан өткөрүп, уктай албай калуу да мүмкүн; китеп окуу же youtube'да тентип жүрүү — булардын кайсынысын аткаруу ар кимдин өз колунда. Бирок эркек же аял болуп төрөлүшү; кимдин перзенти болушу; кайсы журтта, кайсы заманда дүйнөгө келиши; ырыскынын кенен же тар болушу, ажалдын мөөнөтү жана ушул сыяктуулар адамдын ыктыярынан тышкары. Адамзат ыктыярынан тышкаркы иштер үчүн кайгырбашы абзел. Анткени аны өзгөртүүнүн эч кандай айласы жок. Бирок өзү кыла ала турган жана мүмкүнчүлүгүнүн чегиндеги амалдар жөнүндө кайгырсын. Өз напсисине баш ийип кылган күнөөлөрүн мойнуна алып тообо кылсын; жалкоолук менен ар кандай жемелөөлөргө кабылганы үчүн өзүн айыптасын жана бул иштерди бүткөндөн кийин мурунку каталарын кайталабоого умтулсун. Башкача айтканда, напсисин чынжырдан чыгарбасын; эрте уктап, эрте турсун; эмгек кылсын; адал жеп-ичсин; зулумдук кылбасын; арам жолдо жүрбөсүн жана башкалар. Кээде адамдарды алардын жакындары таштап кетет. Бул эки себеп менен болот. Биринчиси, өлүм досторду ажыратат. Экинчиси кеткен тараптын каалоосу менен болот. Адам эч качан башкалардын каалоосуна ээлик кыла албайт, бул анын ыктыярында эмес; демек, кайсы себеп менен болбосун, кеткендер жөнүндө кайгырбоо керек. Анткени бул сенин колуңда эмес эле. Адамдарды өз ыктыярына кой. Ар ким өз жашоосун жашасын, башкаларга кожоюндук кылам десең, ал тургай муну жакшы ниетте, ошол башканын пайдасы үчүн кылсаң да, жек көрүүгө кабыласың. Мүмкүнчүлүгүнө жараша аракет кылган утат. Кудай адилеттүү Зат. Ал ар кимге ушундай мүмкүнчүлүк берип койгон, анын баарын иштеткен адам, албетте, жүрөгү, напсиси жана акылы ыраазы боло турган натыйжага жете алат. Муну түшүнө алуу үчүн даанышмандык көзү гана керек. Көздү болсо же наадандык, же кайдыгерлик пардалайт. Сөзүбүздүн аягында айталы: адамдагы жузъий ыктыяр да Кудайдын ыктыярында. Мунун кандай экенин жана сырын пенде түшүнүүдөн алсыз, анткени алсыз болушу табигый, себеби ал пенде, Ал болсо Кудай. Кудайдын бардык ишин түшүнүү пенденин иши эмес. Пенденин иши — моюн сунуу жана баш ийүүдөн турат.
Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.