Тил

Бул текст тамагерликти өзүнө кесип кылып алган кесирлер жөнүндө эмес, абийирдүү жана ардактуу, инсаптуу жана…

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Бул текст тамагерликти өзүнө кесип кылып алган кесирлер жөнүндө эмес, абийирдүү жана ардактуу, инсаптуу жана… — сүрөт

Бул текст тамагерликти өзүнө кесип кылып алган кесирлер жөнүндө эмес, абийирдүү жана ардактуу, инсаптуу жана диянаттуу адамдардын муктаждык торуна түшүп калышы жөнүндө. Муктаждык — адам үчүн нээмат. Кайдыгерликке түшкөн болсо, ойгонот. Кудайды унуткан болсо, эстейт. Көптөгөн мусибаттардын катарында муктаждык ушундай жакшы сапаттарга ээ. Мындан тышкары муктаждык напсиңди ийет — ал сени башкалардын эшигинин алдында жардам сураттырып, жүзүңдү саргайтат. Муктаж адамдын жүрөгү калтырап, айласыз абалга түшөт. Ушул учурда анын үнүнө — жардам сурап айткан сөзүнө «лаббай» деген адамдын даражасы канчалык бийиктээрин биле аласызбы? Бир адам айтат: “Оор абалга түшүп калдым. Адамдарга пайдаң тийсе, керексиң. Мейли илим, мейли каражат болсун — пайдаң тийсе, адам катары саналасың. Бир-бирден достордун эшигин кактым. Албетте, мүмкүнчүлүгү барларга кайрылдым. Ошондо бир досум палан бөлүгүн берем деди. Канчалык толкунданганымды айта албайм. Эч бир сөзсүз, түшүндүрмөсүз айтты. Эстесем, ал дайыма ушундай болгон”. Муктаждыкта адам бир жагынан ар-намысын сакташы керек болсо, экинчи жагынан зарылчылыктын ордун толтурушу зарыл. Эки тараптан эки кылыч сени чабууга даяр — кайда качсаң да, бири сени чабат — акча сурасаң, башың ийилет; сурабасаң, зарылчылык сени кыспакка алат. Бул — досторду иргөө мезгили. Досуң сага оордук түшүрбөй, сен үчүн машакатты көтөрөт жана сени аяйт. Эки жүздүү болсо сенин муктаж экениңди биле туруп, сага жетишсиздик жөнүндө эскертип, өз азабыңды өзүң тарт дейт, мындай адамдар дос эмес, ансыз да жөнөкөй адамгерчилик башка адамга боорукердик кылууну талап кылат. Муктаж болбош үчүн эч кимден карыз албаш керек. Муктаж болбош үчүн каржылык күчүң жетпеген иштерге кол урбоо шарт. Муктаж болбош үчүн иштөө жана тапкан акчаңды өз ордуна жумшоо талап кылынат. Керексиз нерселерди сатып алган адам муктаждыкка түшөт. Колуңда акчаң болбосо, кимдир бирөөдөн акча алып, шериктештик шарттарын чала кылып, иш баштайсың, ишиң жүрбөй калса, акыры чала шерик менен көйгөйгө туш болосуң. Сага өтө эле зарыл болбогон нерсени сатып алуу үчүн кредит же башка түрдөгү карыз алсаң, ал ар айда каныңды соруп алат. Байлыкты Кудай берет, эгер колуңда чоң өлчөмдө байлык айланып турса, сенден сурашын күтпө — муктаждарды өзүң издеп тап, жардам бер, о-о, бул иштин кандай берекеси болорун элестете да албайсың.

Акром МАЛИК

2 010жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    ЖЕТИНЧИ БАП

    ЭР-АЯЛ Биринчи бөлүм Чымылдык жана назик маселелер Оңой акча тапкысы келген жана ыйбаа, абийир, уятты жыйыштырып койгон адамдар үчүн бүгүн эр-аялдардын назик мамилелери жакшы…

    2 мүн.

    Саясат жөнүндө ар бир адамда так жана кыскача илим болсо, жакшы болот. Саясат илиминен кабардар болуу адамдын…

    Саясат «сайыстык» деген сөздөн алынган. Атбакарды араб тилинде сайис деп аташат. Атбакар — аттарды толук түшүнгөн адам, ал ат тилин билиши керек. Саясатчы да адамдарды — элди…

    4 мүн.

    АЛТЫНЧЫ БАП

    Төртүнчү бөлүм Нан сындыруу жана той Жуучулук иштери бүткөндөн кийин нан сындыруу ырымы аткарылат. “Нан сындырууну” фатиха тою деп да аташат. Бул салттын маңызын билүү үчүн тойдун…

    6 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.