Көз карандылык – жаман балээ. Кандайдыр бир зыяндуу жана тыюу салынган ишке берилип калуунун аты – көз…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Көз карандылык – жаман балээ. Кандайдыр бир зыяндуу жана тыюу салынган ишке берилип калуунун аты – көз карандылык. Кайсы иштен Кудай жана пайгамбар тыйган болсо, кайсы ишти акылдуу жана даанышман, таза жана улуу адамдар жактырбаса, ошол иште адам жана адамзат үчүн коркунуч бар. Ал иштин азы да, көбү да адам баласын оор абалга салат. Мындай иштерден киши өзүн коргош үчүн ага акыл берилген. Акылды коргоо жана өстүрүү үчүн адеп жана ахлак ыйгарылган. Адеп жана ахлакты өздөштүрүү жана жашоодо колдонуу менен акыл артат, акыл көбөйсө, өнүксө, адамдын өзүн өлүмгө алып баруучу илдеттерден сакташы жеңилдейт. Адепти өзүнө негизги өлчөм жана эреже кылган элдердин маңдайы жарык, жашоосу кайгыдан арылган. Адепти зарыл деп билбегендердин түнү-күнү денесинде оору бар. Эң жаман иштерден да адам адептин жардамы менен кутулуп кетсе, эмнеси таң. Адеп жана уят – эгиз. Адеп – анын көптүк түрү «одоб» – ар бир адамга жана ар бир нерсеге ага татыктуу мамиле кылуу. Уят – татыксыз иштерге жол бербеген сезим. Уят – калкан, бул калкан колдон түшсө, душмандардын чабуулунан кыйроо болот. Адепке айрым мисалдар: ата-эненин алдында бут сунбоо, малдаш куруп отурбоо; китеп бар бөлмөдө жылаңач болбоо; эл арасында жеңи кыска кийим кийбөө; китептерди жерге койбоо; кандай жерде болбосун үндү бийик чыгарып каткырбоо; эч ким жок болсо да, уятсыз нерселерге тигилбөө; кайсы жерде жамандык болуп жатса, ошол жерден тез кетүү. Жамандыктарга бузукулук жана ичкилик мисал боло алат. Эркек да, аял да уятка муктаж. Уят көздөн башталат. Көздү жол берилбеген жерлерге тикпөө, жол берилбеген сөздөрдү укпоо жана жол берилбеген сөздөрдү айтпоо – уят. Денени ачпоо – уят. Уяттын чыныгы орду – жүрөк. Жүрөккө жол берилбеген ойлор келгенинен уялуу – уяттын негизи. Өзүнүн жана башканын сырын айтпоо – уят. Өзүнүн жана башканын кемчиликтерин жашыруу – уят. Өзүн мактабоо, мактоо талап кылбоо, мактоодон ыңгайсыз абалга түшүү – уят. Бирөөлөр менен айтышпоо, чатак чыгарбоо – уят. Башкалардын артынан сүйлөөдөн уялуу – уят. Уят пардасы тез күйөт. Күйгөндөн кийин аны кайтаруу мүмкүн эмес. Адам баласы адебин жана уятын текшерип турса, аны жоготпойт, эгерде уят зарыл болгон жерлерде жүрөгүндө уялуу сезими болбосо, бул үчүн көп ыйлоо керек. Ким билет, ушул ыйдын себебинен Кудай уят ыйгарып калаар. Бүгүн адеп жана уят жөнүндө сүйлөө ыңгайсыз. Анткени адеп жана уят бүгүнкү абалыбыздан уялып, качып кеткен болсо керек. Бизге эң керектүүсү – адеп жана уят, бирок дүйнөдө үрөнү куруп бараткан жашоо дарагы да – адеп жана уят.
Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.