Перзент тарбиясы – адам жашоосундагы эң негизги маселелердин бири. Ар бир элдин өзүнө мүнөздүү ой жүгүртүүсү,…
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Перзент тарбиясы – адам жашоосундагы эң негизги маселелердин бири. Ар бир элдин өзүнө мүнөздүү ой жүгүртүүсү, менталитети бар. Өзбек эли үчүн уят, адеп, улууларды урматтоо, атага баш ийүү, перзентке боорукердик, өзүн көз-көз кылбоо, айрыкча, үй-бүлөнүн ичин элдин көзүнө көрсөтпөө сыяктуу эрежелер абдан маанилүү. Өзүнүн байыркы тамырлары бар, муундан муунга өтүп келе жаткан салттары бар үй-бүлөлөр, башкача айтканда, ата-бабаларынан, ата-энесинен тарбия алган үй-бүлөлөр үчүн бул принциптер эң негизги маселе болуп саналат. Бул үй-бүлөлөр – сырдуу жана айбаттуу үй-бүлөлөр. Бул үй-бүлөлөрдө атанын айтканы – айткан, сөзү – сөз. Ага инилерге башчы. Ини агасына баш ийет. Кең пикирлүү мамиле, үй-бүлөдөн сырткары бирөөгө – мейли ал чет өлкөдө жашасын, мейли чоң кызматтын ээси болсун, эгер ишенимге кирбеген болсо, атүгүл ишенимге кирген учурда да – ээрчибөө, мамиле-катнашта жат адамдарды туурабоо мындай үй-бүлөлөрдүн негизги өлчөмү болуп саналат. Мындай үй-бүлөлөрдө тарбиянын жаңы ыкмалары изделбейт; ата-эне «балама кандай мамиле кылайын, кандай тарбия берейин» деп баш оорутпайт, анда тукумдун ички эрежеси жана үлгүсү бар – ошол түрдө иштей берет. Мындай үй-бүлө балдарын ютубга алып чыкпайт, аялы менен эр-аял болуп подкаст жасабайт, майрамдык белектер жөнүндө дүйнөгө жар салбайт, ар түрдүү жеке маселелерди социалдык тармакка жайгаштырып, мейли үлгү болсун, мейли илдет болсун – шерменделик кылбайт; түрк элдери илгерки замандарда үй-бүлөнү «аврат» деп аташкан экен, так ушундай сөз Сайфи Сарайинин 1392-жылы жазылган «Түркий Гүлстан» китебинде да келген – бир сөз менен айтканда, ар-намыстуу үй-бүлөлөр авраты менен даңк-дабырага ээ болбойт, себеби аврат бөтөндөрдүн көзүнөн жабык турушу керек. Айрымдар саясий качкын болуп, кийин жарандык алып, кайсы бир бөтөн мамлекетке жайгашкан экен, алар ошол жердеги менталитеттин таасирине кабылып, аял-бала-чакасын коомчулукка агартуучулук спектакль коюу үчүн пайдаланса, бул театрларга карап оозун ачып калбоо жана алданбоо керек. Алар ошол жердеги чөйрөнүн жана таасирдин ичинде. Алар ошол жердин географиясынын негизинде ой жүгүртүшөт. Алар үчүн кыздын бетке чабарлыгы өтө табигый көрүнүш, ал эми бизде аталар турмушка чыккан кызына тике карабайт. Аларда уул атасына карап «палан ишиңиз ката» деши мүмкүн, бирок бизде «макул болот, ата» деп айтылат. Атанын көңүлү биз үчүн улуу, ал эми алар атанын көңүлүн да, айбатын да көзгө илбей коюшу оңой. Алар ушундай жумшак кейипте адепсиздикти үгүттөшсө, майлуу сөздөр менен эски ахлакка жашыруун сокку урушса, үн катпай карап отуралыбы? Четте туруп, үй-бүлө жөнүндө журттун ичиндегилерге таалим берүү – бул рухий бир чабуул. Алардын биздин үй-бүлөбүздүн ички рухун жана түзүлүшүн куруп берүүгө такыр укугу жок. Мархамат, Мекенге келип жашашсын, эл менен бирге ачуу-таттууну татышсын, ушул жерде адамдарга жакшылык кылып коюшсун, өзүнүн канчалык жакшы адам экенин баарына көрсөтсүн, далилдесин; анан көрөбүз – мындай адамдардын сүйлөөгө укугу барбы, жокпу?! Дал ушул сөз өзүнөн саясий оппозиция жасап алган чыккынчыларга да тиешелүү. Ошондой эле кандайдыр бир сайттарга жана маалымат булактарына да. Бул – бечара пенденин көз карашы, жыйынтыгы, эгер сиздер үй-бүлөңүздүн тарбиясын ушундай адамдарга ишенип тапшырсаңыздар, бул – сиздин тандооңуз. Эгер андай болбосо, кимден чара сурайын десеңиз, эң оболу үй-бүлөңүздүн улууларынан кеңеш алыңыз, эгер андай адамдар болбосо, махаллаңыздагы илимдүү, диндар, ишенимдүү адамдардан, айрыкча, илим ээси имамдардан жол сураңыз, интернеттеги жасалма жумшак шейх-шейхнисалардан эмес.
Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.