Тил

Сүйүү

Бул адам бакытка каршы курман болууга келген,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Бул адам бакытка каршы курман болууга келген,Жакшылардын ышкында түгөнүүгө келген.Ааламда сүйүүдөн башка маани жок депӨлүктөрдүн арасында чуу көтөрүүгө келген.Айла жок, зулум, каар, ачуу баскан ааламга,Азап-кайгы, оорулар, азап баскан ааламга,Ушундай адамдар капыс келип калат жүк болуп,Эй достор, жакшылар үчүн мүрзө казган ааламга.Бул адамга баарынын азабы да даярдыр,Башына келчү савда базары да даярдыр.Мээр-сүйүүсүнөн мынчалык тажабаңыз,Жакында барар мекени - мүрзөсү да даярдыр.Бул ушунчалык жаман, жакшылыктан тыйылбайт,Болоттой бекем, жемелөөдөн жешилбейт.Жүрөгүнө миз сайыңыз, кан акса, иншаАллах,Денесинен башка эч топурактарга жайылбайт.Мээринен тажасаңыз, боор-жигерин тилгейсиз,Сулуу, жыпар болсо гүл, бирден-бирден жулгайсыз.Тажатса кызматы, жакпай калса жоомарттыгы,Сабыр кылыңыз, бир тууган, өлөт, кутулгайсыз.Акром МАЛИК22.07.2024.

1 820жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.