Даанышмандык
Байыркы замандарда адамдар дагы эле
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Байыркы замандарда адамдар дагы элеДүйнө кирлеринен качкан кез эле.Ой күнү жаркыраса, бүт дүйнөЖарып, ошол нурду табуу бакыт эле.Ак сакал тоолордун боорунда бир пирМекен туткан эле жалгыз, жаралуу.Дүйнөнү таштап, жалгыздыкка сабыр,Эмгекке сооп байлап табышкан.Бирок даңкы хал ээлеринин арасында тарап,Этегин кармаганы эл келе берди.Муршид ызы-чуу арасында калып деди:«Хак үчүн адамдардын кызматына тур».Эч кимди ханакада кармаган жок ал,Келгенге катар-катар жумуш буйруду.Вазы кыска эле, зикири жашыруун,Унчукпоого гүйө чечим кылгандай.Бир ооз сөзүнө суусаган калың элБайлык-дөөлөттү бирден төктү.Пир үчүн бирдей эле – бар же жок дүйнө,Эми кантип дүйнөгө карасын, акыры?Аны издеп келди эки дос,«Бизге жол көрсөтүңүз, эй, муршид!» – деп.Устат баш ийкеди, үнү чыккан жок,Атүгүл насаатты ылайык көрбөгөндөй.Эки жигитке жумуш буйрулду:Бири ылдыйдан сууну ташыйт өйдө.Бири энтигип чокуга, четке чуркайт,Жылкы менен короонун артынан барып.Бирине бул эмгек абдан оор тийди,Кана ирфан, деди, кайда вирддер?!Пирди таба албайт, акыры, бул кандай абал,Бул өмүрдү ысырап кылуу го, аттигиний!Экинчиси болсо муршиддин көңүлүнБагындырууга бел байлап ишке атылды.Түнү-күнү урмат жолун издеп,Кызматка өзүн даяр көрсөтчү.Бирок канча жанын курман кылбасын,Пирден өзгөчө бир көңүл бурулбайт эле.Гүйө тирүүгө эмес, өлүккө коштошупЖаткандай карачу көздөрү, аттиң!Жигит досуна көз салды, кызык,Өлүккө окшош эле анын ар иши:Сый-урматты талап кылбастанКулдай иштөө эле анын түйшүгү.«Мен буга көнбөйм!» – деди ал баатыр,Пирдин алдына барып жетип,Уруксат сурап максатын айтты,Бардык ойлонуу эшигин жаап.Олуя ага жылмайып койду,«Макул», – деп жылмайды, «Кош бол, ак жол».«Көзүңдү жум, – деди, – көп тарттың жапа,Кайтарыңдын алдында бир сейил бар».Жигит ошол замат көзүн жумду да,Ачып, өзүн жолдо көрдү.Сапарга даяр бир төө турчу,Төөнүн куржунунда бир кат бар эле:«Бул жолдун сыры көп, чыдамсыз болдуң,Сыноо сайына сабыр кылбадың.Анын бардык азабынан эми кутулдуң,Келген жериңе тынч кайта бер.Бул жолго ышк менен кадам коюлат,Ошондо ар ташка баш ура алат ашык.Жасалма ышк жетелеп келгенде адамБул жерде акылынан ашып тура албайт».Акром МАЛИК

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.