Тил

Жашоо

Эгер дос болдуңбу кайсы бир эр менен,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Эгер дос болдуңбу кайсы бир эр менен,Такыр калбагын абалынан бейкабар.Эң оболу берилгендикти Кудайдан тиле,Ошондо достук көчөтүнөн табасың түшүм.Эгер «досмун» деген жума, ай өтүп,Сени эсинен чыгарып унутса,Эми сен да таптакыр алыска кетип,Жалгыз жерде жалгыздык жибин карма.Жардамыңа досуң муктаж болсо эгер,Денеңде дарман бар болгон чакта,Кандай кызмат болсо, жан дилден аткар,Жаның чыксын, өлгүн, бирок эринбе.Асман айланат сенден сурабай,Кээде алсыздыгың келет жеңип.Достун жардамына муктаждык сезип,Босогосуна барсаң баш ийип эгер,Мүсибат көзүңдү сокур кылбасын,Муктаждык акылыңды албасын, азыр.Эгер «дос» дегениң араң жылмайып,Келишиңди кылдай да оор көрсө,Этегиңди жыйып, эсиң бардаБул «доско» дартыңды түбөлүк айтпа.Майли, жаның чыксын, өлгүн, бирокМындай кишинин жанына эч качан кайтпа!Акром МАЛИК

3 250жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.