Тил

Мекен

ТЕМУР ТУЗУКТАРЫ МАНЗУМАСЫ

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Хамд2НаатКудайдын буйругун аткарып өтүүЖер жүзүнүн каганы болгондон жакшы.«Өп» деп жерге жүзүңдү тосууТаж-тактын койнунда өлгөндөн жакшы.Анткени бул – Расулуллахтын сүннөтү,Анын сүннөтүндө таптакыр жок кемчилик.Он төрт кылым буга калыс күбө –Сүннөткө ээрчиген адам ардактуу.Машакаттуу доор, зулум заманы –Меккеде ыймандуулар кан жутчу.Эң арзан буюмдай мусулмандын жаны,Ыйман адамдарды коркутчу.Чогулду Меккенин ак сөөктөрү,Кеңеш кылышты баштары катып:«Эмне кылсак, Мухаммаддын алсыздарыДининен жүз буруп, арман тартат?!Жыландын башын эзүү – жакшы иш,Булактын көзүн жаба алсак, кана.Мухаммаддын сөзү кандай ыр,Анын да тилин таба алсак, кана!Сурап көрөлүчү, эмне каалайт ал,Балким, бай болууга кызыгуусу бардыр?!Алтын-күмүштү эгер кыялданса,Берели, ошону менен тынчысын, акыры.Эркектин кубанычы – аял, албетте,Сулуу перизаттар – жандын рахаты.Эгер сулууларды кааласа Мухаммад,Берели, тапсын көңүл шаттыгын.Байлык, күңдөр жетпесе эгер,Эгер талап кылса таж-так, мамлекет,Вахий деп динин тутпаса эгер,Падыша болсун, такка чыксын, мархамат!Ага моюн сунуп ийилет шексизАрабдардын асылы – курайш элдери.Бизге гана вахий, таухид керексиз,Андан баш тартса, болду, эмне тилесе!Баарын даярдайбыз ага –Табат даңк-атак, кудурет-кубат.Сөзүбүз – сөз, бузулбайт такыр,Дининен ушул замат баш тартсын гана!»Мындай сунуштарга Алланын ЭлчисиАтүгүл көңүл бурбай,Түнү-күнү рахаттан ажырап,Хактын дини үчүн издеди айла.Башкача айтканда, Хакка кулчулуктун алдында, эй жан,Ааламдын султандыгы теңби, ажайып?!Мындан артык таалай барбы, эй адам,Хактын сүйүүсү сага буюрса эгер!Эй Кудайдын Сүйүктүүсү, эй Пайгамбар,Ааламдын каймагы, пайгамбарлардын мөөрү!Сизге ышк менен баш ийсе ким эгер,Дүйнө эмес эч качан анын талабы!Сиз – Рахмандын ырайымы, хидаят нуру,Караңгы жолдорду жарыткан күн.Сиз бүт ааламга Хактан ырайым,Мүлк менен малакут Сизге муктаж.Шаалар атүгүл миң жыл отурсун такта,Таж кийип миң жылдар мамлекет сурасын.Бирок Сизсиз калган дооралар жасалма,Курттар жеп бүтүрөт бек менен төрөсүн.Анткени Сизге көрсөттү урматынТак эле кулдардай баш ийип Темур.Ар кайда жиберип өз саламын,Чынында, көлөкөңүздө өткөрдү өмүр.Башкача айтканда, сүннөтүңүздү орнотту,Сөзүңүздү билди дайыма бийик.Ошол себептен бутунда титиреди дүйнө,Ошол үчүн көтөрүлдү байыркы Самарканд.Дайыма башына койгон, я Расул,Сейиттердин таза урпагын.Ошон үчүн Кудай кабыл алдыАкыркы демде жатканда Темурдун арызын.Башкача айтканда, кыялданды Сахибкыран:Башын коюп жатса – бул Хактан белек –Пайгамбар урпагы Сейид БаракаттынБутунун астына, көрүндө атүгүл.Канча мактасак да Сизди, аз болот,Кана, жолуңузда жүрө алсак дайым!Эң оболу, Сизге ар дайым жетсин, ананҮй-бүлөңүзгө, сахабаларга миң салават, салам!Акром МАЛИК

3 110жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.