Тил

Ыйман

Мен өлөйүн. Өмүрдүн баарын ал.

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Мен өлөйүн. Өмүрдүн баарын ал.Көз жаштар меники. Сага – жылмаюу.Топурак алсаң, алтын болсун, адал,Кайгы эмне экенин билбе бир заматка.Күнөөлөрдү жүктө далыма толук,Бардык сооптордун тагында жаша.Аалы хазрет өзүң, эй урматтуу зат,Өзүңө гүлдөрдөн жол төшөнчү төшө.Кара, чөнтөгүңдө бейиштин ачкычы,Эч кимге көрсөтпө, баарынан жашыр.Биз адамдар ичинде көчөнүн ити,Сөөк таштап койсоң, кубанып кемирет.Бар күчүң менен чурка, улуулукка жет,Куттуу дасторкондон орун тийбей калбасын.Артыңа караба, алысыраак кет,Биз чыга албайлы терең ороодон.Эч кимге караба, көз салба такыр,Артка бурулбасын алдыга жүрүшүң.Болбосо, ааламга ачыкка чыгып калатБиздей кара кулду пас көрүшүң.Пас бил, менсинбе, тээп өт, тепсе,Бизге ушул болот эң ылайык адеп.Сен арштын үстүндө учкан чагыңдаЖашоо – бакыт, төшкө найзалар сайып.Сенден арызым жок – ишен шексиз,Бир гана жалынычым бар:Өкүнүч отунда күйгүн аёосуз,Бирок көлөкөмдү да таба албагын эч качан!..Раббим, жапа чеккен кулуңа керемет кыл,Ушул дубамды кабыл кыл!Акром МАЛИК

3 590жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.