Тил

Сүйүү

Эмне кылайын, эс-учумду жоготсом капыстан,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Эмне кылайын, эс-учумду жоготсом капыстан,Эмне кылайын, айлансам кээде наристеге.Бир заматка өзүмдөн кабардар боло албай,Сөзүм өтпөй калат ашык жүрөккө.Билемин, канчалык берилгендигиң бар,Сенин мээримиң болду дартыма шыпа.Бирок айрылуу колумдан тынчымды алып,Жиндилигимди ааламга ачыкка чыгарды.Кээде чектен аштым, бирок ишенгин,Каалабаймын сага азап берүүнү.Эй, менин сүйгөнүм, таза, ак көңүл,Сен менен келди кайра өмүрүмө жаз.Дүйнө – эгин талаа, такыбалык эгининЭксек чын жүрөктөн Кудайды сүйүп,Раббим пазилет кылса, бейиште бир күнТүшүмүн бирге терип алабыз!Сени эстегенде билбейм, эмнегеКөз жаш келе берет куюлуп жаап.Эй, мага берилгендик белек кылган,Кантип шүгүр кылайын жүзүңө карап!..Кечир, бул он бейт гүлдөдү ушундай,Ичиме жашынган сөздөрүм өстү.Кайгы эмне экенин билбе эч качан,Эй, жүрөгүмдүн сүйүүсү, жүрөгүмдүн досу.Акром МАЛИК

3 160жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.