Тил

Даанышмандык

Сенин кайгы тартышыңды каалайт белем мен?

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Сенин кайгы тартышыңды каалайт белем мен?Жүрөгүңдүн оорулары мага керекпи?Колуңдан келбес ишке зордойт белем мен?!Сен үчүн ыйлабаган жүрөк жүрөкпү?!.Мөмөсүз бутакты кесе эгер багбан,Мөмөлүү бутактарга кубат көбөйөт.Сен да жапайы өсүп кетпе десем, эй уулан,Тепкичиң курчуп, канатың үрпөйөбү?!Багбандын колунда көрүп бак кайчыны,Балким, бир калтырап алат көчөт.Балким, бир аз оору шарабын ичип,Кубатын калыбына келтирип алат көчөт.Ошондуктан, чочуба, кылба шек,Жаллад деп карабагын багбаныңа эч.Эгер болбосо сага тилектеш,Тополоңуңдун ичинде коймок эле тынч.Туз насип болсо, али көп жылдарТеспе данегиндей бир-бир тизилет.Жулбаса чийки мөмөнү бөтөн колдор,Бир күнү мөмөлөр бышып үзүлөт.Бир күн убакыт жетет – сен да жетилип,Ширеге толосуң, таттуу бышасың.Дарактын бутагынан шаттанып кутулуп,Акыры үзүлүп жерге түшөсүң.Анан кимдир бирөө жейт, сиңесиң,Киресиң топуракка урук мисалы.Дарактай өсүүгө кылганда бел,Азаптан кээде калбайт алың.Бүгүн оор келет моюн сунуунун жүгү,Гүё сени кимдир бирөө кулдай тутууда.Башыңдан кордуктун топурагын төгүп,Гүлдөй денеңди басып өтүүдө.Эзилдим, дем деп кыласың зар,Мындай капастардан кетсең эле качып!..Бирок дудуктай ырайымсыз жашооСага сырларын койбойт ачып.Жөн гана үнсүз карап турат,Ах-уйуңду кылат тамаша.Тыпырчысаң, башыңа камчы урат,«Кайда барасың, – деп. – Мынча шашып?!»Ошондуктан, ишен, чуркураба ашык,Дебе: «Пардалардын артын көрөйүнчү!..»Чынында, жетилүүнү кылат тартууБагбаныңдын колунда кармаган бак кайчы.Акром МАЛИК

3 110жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.