Тил

ОН ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

ОН ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ — сүрөт

ОН ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ

ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ТИРИЧИЛИК БУЮМДАРЫ, КИЙИНҮҮ ЖАНА СОЦИАЛДЫК ТАРМАК

Тиричилик буюмдары ар бир үй-бүлө үчүн зарыл. Аларды бир нече бөлүккө бөлүп карап чыксак болот: 1. Ашкана буюмдары. Буга казан, очок, тандыр, чара, чака, чөмүч, табак, жалпак табак, кесе, пиала, кашык, айры, бычак, мантыкаскан, таба, кепкир, элек, супра, жайгыч менен такта, келсап сыяктуу илгертен колдонулуп келген нерселерди киргизсек, кийинки убакта колдонулуп жүргөн эт туурагыч (мясорубка), жылыткыч (микротолкундуу меш), муздаткыч, аралаштыргыч (миксер) жана электр менен иштеген башка нерселерди да кошушубуз керек. Тамактануу адам жашоосунун ажырагыс бөлүгү болгон соң, тамак даярдоого керектүү нерселерди даяр кылып коюу, аларды таза сактоо да зарыл. Азыр шаарларда көпчүлүк көчөдөн тамак жегенге, тамакты көчөдөн буйрутма кылып алдырганга көнүп калды. Бирок бул нерсенин анча жакшы эмес экенин мурунку бөлүмдөрдө ой жүгүртүп өттүк. Ошондуктан ашкана жабдууларын даяр кылып, ашкананы да көргөн көз кызыга турган абалга келтирип коюу керек, үйүбүздүн бийкечтери алардан ыракаттанып пайдалансын. Балдарыбыздын энелерине, кыздарыбызга, эже-сиңдилерибизге, кыскасы, ашкананы даам мекени, көңүл майрамы үчүн шылтоо деп билген аялдарыбызга кооз шарттарды даярдап берели. Алар нан, самса жабабы, манты же ханум бышырабы, хасып салып, шорпо кайнатабы, эт куурап, лагман чоёбу, чучпара түйүп, долма ороп жатабы, мастава менен ажабсанда, машхорда менен машкичири, атала менен халвайтар, гилминди менен катлама, димлама менен казан кебап жана, акырында, аштын ханы палоо менен шавла – кайсынысын даярдап, ыракаттанып, дасторконго тартууну кааласа да, бардык «курал-жарактар» даяр турсун! Эт менен куйрук майы, сабиз менен картошка, пияз менен сарымсак, болгар калемпири менен ачуу калемпир, күрүч менен гречка, нокот менен буурчак, маш менен жүгөрү, кыскасы, тамак үчүн керектүү нерселер да мол болуп турсун. Кант менен набат, кесме кант менен парварда, бал жана сары май менен да камсыз кылалы. Ошондо бийкечтердин милдети – ашкана жабдууларын көздүн карегиндей аяп, азык-түлүктү граммдап, башкача айтканда, мыскалдап колдонуу болсун, тиричилик деген дал ушундай мол жана бакубат болсун! Эртең мененки тамак менен түшкү тамакты, бешим тамак менен кечки тамакты даярдоо ашканада өзгөчө бир ырым-жөрөлгөгө айлансын, бүт үй-бүлө мүчөлөрүн даамдуу тамактар менен сыйлап, аялдарыбыз ырахат жана тынчтыкка толушсун, биз да тилибизден бал тамызып аларды мактайлы! Эң негизги эрежени дагы бир жолу кайталайбыз: ар бир нерсени көздүн карегиндей аяңыз, бир эле болсо да, пиала сынбасын! Бир тамчы болсо да, май жерге тамып, ысырап болбосун!

2. Чарба шаймандары. Ашкана буюмдары аялдардын куралы болсо, эркектерге чарба шаймандары кызмат кылат: кетмен, күрөк, бурагыч (отвертка), кычкач (плоскогубцы), араа, балта, балка, тешке, малагыч, сүргү, мык сууругуч жана ушул сыяктуу нерселер. Бул катарга темир кескич араа, бак кайчы, сапсыз тешке, дрель, болгарка, калай кайчы, машина ачкычтарын да кошууга болот. Эркек киши үйүндөгү бузулган нерселерди оңдой – дубалдарды шыбай, крандарды оңдой, кулаган, сынган, үзүлгөн нерселерди калыбына келтире билиши шарт. Мунун баары, чынында, оңой, болгону бир аз жөндөм жана көңүл бурууну талап кылат. Албетте, короодо жашаган үй-бүлө жердин ар бир карышын көгөртүп, жашартып коёт, бул ишке баш болуу да эркектин милдети. Ашкана буюмдары өз текчесинде тургандай эле, чарба шаймандары да өзүнчө бөлмөдө сакталышы керек, анткени ар бир кызмат кылуучу шайманды аяп сактоо – анын кызматын сыйлоо. Ошондой эле касапчылык, башкача айтканда, мал союу жагынан да эркекте тажрыйба болсо жакшы, ушундай тажрыйба топтолсо, мал союучу бычак жана бычак курчуткуч таштарга да ээ болуу сунушталат. Үй-бүлөдө керек болуучу шаймандар тууралуу сүйлөштүк, эми болсо кийинүү маселесине токтололу. Акылы толгон адам тар жана ачык-жарык түстөгү кийимден алыс болот. Башкача айтканда, жеңи узун, өтө кең эмес, салабаттуу кийимдерди кийет. Аялдар гана эмес, эркектер да билектерин жана балтырларын ачык калтыруудан сактанышы адептен саналат. Ушул мааниде жайы-кышы жеңи бар кийимдер, түсү олуттуу жана ачык кийимдер ар бир кишиге жарашат, шексиз, кийим – бул табит маселеси, бирок анын аба өткөрүүчү болушу максатка ылайык. Вафа – ар бир адамга керектүү сапат, бирок ал өтө аз адамда болот. Вафалуу адам, атүгүл кийимдерине да вафа сактайт. Сапаттуу кийим алып, аны узак убакыт кийүү – канаат жана вафадан. Ар бир мезгилде жаңы кийим сатып алуу анча туура эмес. Мунун эки себеби бар: сапатсыз кийим тандалгандыктан ал кызмат кыла албайт; экинчиси, кийим сапаттуу болсо да, жаңы нерсеге кумарлануу кумар-каалоолорду али жеңе электигинин далили. Шексиз, үй жана көчө үчүн өзүнчө кийимдер болот. Адам үйдө кийген кийимин көп кийет, ошондуктан үй кийими тез эскирет. Эгер көчө кийимин да үйдө кийе берсе, ал жылтырын жана жаңылыгын жоготот. Ал эми көчөгө чыккан адам кооз жана жаңы кийим кийсе, ылайыктуу. Муну менен ал адамдардын көзүнө жакшылык кылат, адамдар кооз кийимчен адамды көргөндө, жүрөгүнө эрксизден бир жылуулук кирет. Ошондой эле майрам жана той үчүн да өзгөчө бир кийим сакталса, жакшы. Анткени адамдар майрамда жана тойдо кубанышат, кооз жана жаңы кийимдер маанайды көтөрөт. Албетте, кийимге табынуу, өзүн жасалгалап кооздоодо чектен чыгуу канчалык жаман болсо, өзүнө көңүл бурбай таштоо, кир жана жыртык кийим кийүү, өзүн кедей-кембагал кылып көрсөтүү да ошончолук жагымсыз. Чач менен сакалды тартипке келтирүү, мускус сыяктуу жыпар жыттуу нерселерди колдонуу зарыл. Жаңы кийим кийип жатканда кичине жуунуу, башкача айтканда, моюн жана колдорду суу менен тазалоо маанилүү, бул кийимди таза кармоого жардам берүү менен бирге адамдан жагымсыз жыт чыгуусунун алдын алат. Ачык-чачык, жалтыр-жултур, тар-тырышкак кийинүү уятсыздыкка жакын, урматтуу адам кең-мол, бир түстүү жана олуттуу, жабык жана узун кийинет. Спорт үчүн чыгарылган кийимдерди спорт жана үй үчүн, ал эми көчөгө жеңи бар көйнөк жана шым кийген ылайыктуу. Аялдардын кийимине келсек, бул белгилүү маселе – өзүн сыйлаган аял бөтөн көздөргө өзүнүн көрсөтүүгө болбой турган жерлерин көрсөтпөйт; жарым жылаңач жүрүп, мындан сыймыктанган акмактардын катарында турбайт, өз эркиндигин же оюнун эркиндигин денесин ачык көрсөтүү менен далилдей турган деңгээлде наадандык кылбайт. Ошондой эле башына жоолук салып, аны хиджаб деп атап, белинен төмөн жагын көз-көз кылуу сыяктуу иллеттен алыс турат. Кыскасы, кийим – адамдын ички дүйнөсүнүн сырттагы көрүнүшү да. Эми социалдык тармак жөнүндө токтолсок. Үй-бүлөдө зарылдыгы жок тармактарда активдүү болбоо, ар кандай материалдардын астына сезим белгилерин коюп, ар түрдүү сөздөрдү жазуудан сактануу негизги эреже болушу керек. Жалпысынан алганда, социалдык тармактан алыс туруу, аны белгилүү бир максаттар үчүн гана колдонуу сунушталат. Ата-энелер балдарынын колуна телефон бербеши, берсе, дайыма текшерип турушу шарт. Эң негизгиси, балаңыз вайнер же ага окшош топтун катарына кирип, бекер иштер менен алектенип калбасын. «Мумтоз үй-бүлө» китепчесинде үй-бүлөдө кездешиши мүмкүн болгон бардык маселелерди камтууга аракет кылып жатабыз. Мында бири-бирине жакын темаларды топтоп жатабыз. Бул бөлүмдө тиричилик буюмдары, кийинүү жана социалдык тармак темаларын бир жерге жыйнап сөз кылдык. Анткени бул темалар үй-бүлөнүн ички же рухий эмес, тескерисинче, материалдык-физикалык маселелерине байланыштуу көрүндү.

Акром МАЛИК

1 760жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    ОН ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

    ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ Илим – чындыктарды бизге түшүндүрүүчү каражат. Илим болбосо, илим менен алектенбесек, ар бирибиз наадандык сазына батабыз. Элестетип көрүңүз: ар…

    5 мүн.

    ОН БИРИНЧИ БӨЛҮМ

    ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ТАМАКТАНУУ, ДЕН СООЛУК ЖАНА ТАЗАЛЫК Ден соолук жана тазалык дайыма жанаша. Үй-бүлөдө тазалыкты жана ден соолукту сактоо бири-бири менен тыгыз байланыштуу. Табигый эле,…

    7 мүн.

    ОНУНЧУ БӨЛҮМ

    ҮЙ-БҮЛӨНҮН ЭКОНОМИКАСЫ Ар бир үй-бүлө өз каржысын өзү чечиши керек. Бул ааламда адал эмгек аркылуу ырыскы тапкандай ырахат жок. Ырыскыга байланыштуу эки маселени чечип алууга…

    6 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.