Тил

ЧЫНДЫКТАН ЧЕТТЕБЕ

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

ЧЫНДЫКТАН ЧЕТТЕБЕ — сүрөт

Жашоодо эң туура жолду тандоого умтулуу адамга мүнөздүү. Кылып жаткан иштеринин кайсы бир жагы ката жана кемчиликтүү экенин сезип жашоо оор. Чындыгында, өз амалдарын текшерүү, аларды акыл таразасы менен өлчөп, жүрөк күзгүсүнө салып, логика кубаты менен текшерип, ошого жараша иш кылуу адамдардын ичинен абдан азчылыгына насип болот. Көпчүлүк адамдар кылып жаткан ишим жана жашоо образым туурабы деп суроо берүүдөн куру калышкан. Адам уулдары мындай суроолор менен бирге өмүр сүрөт. Кээде суроосуна так жооп таба албаса да, ачык бир чечимди аңдай албаса да, жүрөгүнүн түбүнөн бир үн: «Ката кылып жатасың! Ката кылып жатасың! Ката кылып жатасың!» – деп угулуп турат. Киши өз иштерине көз салат, бирок эмнеси ката экенин түшүнбөйт, жүрөгү болсо тынчыбайт, бейпилдик сезбейт. Мына ушул абалда адам баласы чындыкты издеши керек, эмне үчүн бул азап-кайгы деп изденүүсү керек. Издеген, албетте, жообун табат, эң негизгиси, жалганга ыраазы болбоо шарт. Дейли, эми киши өз жолун тапты. Бир чындыкты ачты, бул чындык ага бейпилдик берди. Бул чындык ыйманды куфурдан артык көрөт, адамгерчиликти жырткычтыктан жогору билет, ырайымды адилеттиктен улуу деп ишенет, адилеттиктин зулумдан улуулугуна ынанган, кечиримдин жазалоодон сулуулугун так жана ачык, айкын жана жарык түшүнөт, даанышмандыктын илимден нурдуу экенине күбө, боорукердик менен каардын шайкештигин ачкан. Чындык деп аталган нерсе куфурга тиешелүү болсо; адамгерчилик менен жырткычтыкты аралаштырса; адилеттик деп ырайымды тебелесе; адилеттик менен зулумду ажыратпаса; жазалайм деп кечиримди унутса; илимге умтулуп, даанышмандыкты түшүнбөсө; боорукердик менен каардын ортосундагы шайкештикти түшүнбөсө; акылдан мурда кыраакылык жүрбөсө, ал чындык эмес, тескерисинче, түшүнүксүз бир түшүнүктөрдүн аралашмасы. Ушундай чындыкты ачуу ниети жигиттик мезгилден баштап адамдын асыл умтулуусунун борборунда турушу керек. Асыл умтулуунун борборунда туруп гана калбастан, тескерисинче, бардык аракеттери ушул умтулуунун түрткүсү менен алдыга жылсын, ошондо максаттын ишке ашарына үмүт кылууга болот. Адам бул чындыкты ачканын кээде түшүнбөшү мүмкүн, анткени чындык өз тастыгын көрсөтүшү үчүн убакыт да керек болушу мүмкүн. Эгерде адам ушундай чындыкка жолукса, бул чындыкка берилген бойдон калышы шарт. Чындык аны күнөө жана азгырыктан, ката жана кемчиликтен куткарбайт, тескерисинче, бул нерселерден нур жана жарыкка баруусу үчүн жол көрсөтөт. Караңгылык жана зимистандан куткарып, чыныгы максатка чакыра берет. Ал эми ушул чындыктын ээси болуп көрүнгөндөрдөн болгон кемчиликтерге карап чындыктан жүз үйрүлбөйт. Тескерисинче, ушул чындыкка берилген абалда жашалат. Сени чындыктын ээси деп билсек, сен мынчалык катачыл жана күнөөкөрсүң, сенин сөзүң менен жолуң эмне болмок дебесин, анткени мындай деп айтуу сокурлардын жана карапайым кишилердин мүнөзү; экинчиден, сага көрүнгөн нерсенин чындыгы Хакка ачык. Сен пенделик көзү менен көргөн нерсеңди Хак Өзүнүн Басир сыпаты менен тынымсыз көрүп турат. Сен ал пенденин ишин Хакка тапшыр, бирок өзүң чындыктын үстүндө тур. Хактан жана чындык талап кылган иштерден жүз бурба.

Акром МАЛИК

2 350жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    ОН БЕШИНЧИ БАП

    ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ИБАДАТ Ибадат – адамдын рухунун кубат булагы. Ибадатсыз адамдын руху алсыз. Ибадат – пенденин Ээсинин алдында баш ийиши, өзүн коркунучсуз жана бейпил сезген учуру. Ар…

    5 мүн.

    ОН ТӨРТҮНЧҮ БАП

    КОНОККО БАРУУ ЖАНА МЕЙМАНДОСТУК, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КОШУНАЧЫЛЫК Бара-бара элибиздин аң-сезиминен конок жана үй ээси түшүнүгү чыгып баратат. Айрым өзүмчүлдөр адамдарды конок кылба деп…

    6 мүн.

    ОН ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ

    ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ТИРИЧИЛИК БУЮМДАРЫ, КИЙИНҮҮ ЖАНА СОЦИАЛДЫК ТАРМАК Тиричилик буюмдары ар бир үй-бүлө үчүн зарыл. Аларды бир нече бөлүккө бөлүп карап чыксак болот: 1. Ашкана буюмдары.…

    5 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.