Тил

Өмүр адамды колунан бекем кармап алып баратат. Адам жаш баладай анын артынан ээрчүүгө мажбур. Бирок абалды…

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Өмүр адамды колунан бекем кармап алып баратат. Адам жаш баладай анын артынан ээрчүүгө мажбур. Бирок абалды… — сүрөт

Өмүр адамды колунан бекем кармап алып баратат. Адам жаш баладай анын артынан ээрчүүгө мажбур. Бирок абалды бир аз трагедиялуу сүрөттөсөк, мындай көрүнүш пайда болот – өмүр адамдын мойнуна чынжыр салып сүйрөп баратат.

Балким, көтөрүңкү сүрөт тартсак кантет – адам өмүрдүн алдына түшүп, ойноктоп чуркап баратат. Андан да бийикке чыгалы – адам өмүрдү өзү жетелеп алган. Өмүр – адамга убакыттын бир бөлүгүнөн жулуп берилген үзүм эмеспи? Анда баарынын өмүрү чоң убакыттан бөлүк-бөлүк кылып кесилип алынганбы? Же ал убакыт дарыясынан өлчөп берилген суубу? Баары аны ичеби? Баарынын колунда идиш – идишке убакыттын суусу куюлган, ичип-ичип түгөтөбүз.

Бул сууну эмне кирдетет? Кастыкпы? Көрө албастыкпы? Наадандыкпы? Арамзалыкпы? Ушуларга окшош баары кирдетет. Анда биз ылай суу ичип жаткан болобуз да! Адамдын денесинин ичинде руху жашайт. Дененин кайсы бир жеринен кичинекей тешик ачылса, рух ошол жерден чыгып кетиши мүмкүн. Шарга камалган аба кичинекей тешиктен тез чыгып кеткендей эле, рух да денедеги кичинекей тешиктен чыгат.

Эгер ушул жер тез айыктырылбаса, жамалбаса, рух ошол тешиктин айланасында кыйналат. Анткени рухтун денеден чыгышы абдан азаптуу өтөт экен.

Кимдир бирөө менен сүйлөшүүгө киришсек, чындыгында, анын руху менен сүйлөшөбүз. Кимдирди унута албасак, анын рухун унута албайбыз. Дене алыс кетсе, рух ушул капаста кетти, сенин капастагы рухуң болсо өзү сүйгөнгө жете албай типилдеп, капастын торчосуна өзүн куштай урат.

Биз рухубузга өмүр деп аталган сууну кастык жана көрө албастык, ач көздүк жана кумарлык менен кирдетип ичирсек, анын абалы эмне болорун элестетиңиз. Оорлугубуз жана шалдырактыгыбыз, алсыздыгыбыз жана көңүлсүздүгүбүз рухубуздун оорусунан.

Биз ага уу ичирип, ушул абалга салдык. Аны тазалоо үчүн зикир дарысын ичели. Тынымсыз зикир дарысын ичели.

Адам рухун акылы жана салих амалы менен коргобосо, аны шайтан чынжырлап алат, нафс ээлейт. Бир жагынан нафс, бир жагынан шайтан чынжыр салган рух аянычтуу абалда онтойт. Дене эмне кылып жатканынан бейкабар, эмне кылса, кыла берет. Эмне десе, дей берет.

Бири-бирибизге ырайым кылбасак, Алланын ырайымынан үмүт кылганыбыз бекер. Бири-бирибизди кечирбесек, Кудай мени кечирет деп ойлоо пайдасыз.

Бири-бирибизге жардам бербесек, Кудайдан жардам күткөнүбүз менен натыйжа болбойт.

Кудайды сүйөм деген адам Ал жараткан нерселерди сүйбөсө, сүйүүдөн куру калат.

Кудайдын досторун дос тутпаган Кудайдын достугун таппайт.

Ырайым каалаган ырайым көрсөтүшү, кечирим каалаган кечириши, жардам каалаган жардам бериши жана сүйүү каалаган сүйүшү, достукту эңсеген дос боло алышы шарт.

Ошондо өмүр суусу таза болуп, аны ичсек, ууланбайбыз. Валлоху аълам.

Акром МАЛИК

2 410жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка макалалар

    Туруктуу жана туруксуз

    Бир суроо ортого чыгып калды: туруксуз адамдын сапаттары кандай болот? Тажрыйбадан улам айтылды: туруксуз адам абалды толук эсепке албай чечим кабыл алат. Анан ал чечимден тез эле…

    2 мүн.

    ОН АЛТЫНЧЫ БАП

    АЖЫРАШУУ Бул бапта калем жүргүзүү оңой болгон жок. Анткени маселе абдан назик. Рисаланы жазуудан максатыбыз – ажырашуулардын алдын алуу жана үй-бүлөнүн бекемдигине жетишүү.…

    6 мүн.

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.