Сегизинчи бап
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
Сегизинчи бап
КАЙЫН ЖУРТ
Экинчи бөлүм
Кайын ата
Кайын ата келиндер менен дээрлик сүйлөшпөйт. Анын даражасы абдан бийик болгондуктан аны менен келиндердин ортосунда парда бар. Бул парда эч качан көтөрүлүшү, бул пардага эч качан жарака кетиши мүмкүн эмес. Кайын ата – үй-бүлөдөгү эң айбаттуу адам. Анын сөзү тоодой оор. Анын караганы, анын бар болушу, анын үнү бардык чыр-чатактарды басат; анын өкүмүн баары сөзсүз кабыл алат. Бул даражага жетүү үчүн кайын атанын абийирине каршы сөз болушу мүмкүн эмес. Кайын ата ар дайым токтоо жана тынч жүрөт. Көп убактысын ибадатка жана пайдалуу ишке жумшайт. Эч качан керексиз иштер менен алектенбейт. Келиндер кайын атаны эч качан ыңгайсыз абалда көрүшү, андан керексиз сөздөрдү угушу мүмкүн эмес. Кайын ата баарын угат. Анын алдында баары ойлонуп, сөздөрүн тандап сүйлөйт. Андан кийин кайын ата бир ооз сүйлөйт – баары ага баш ийет. Кайын ата – жылмайып жүргөн, салабаттуу, жазалоодо шашпаган, боорукердикте ченемди билген, өз кадырына жана салабатына ылайык аракет кылган адам. Ал мечитке ар бир жамаат намазына чыкса, абзел. Кайын ата – үйдүн огу, үйдүн тиреги. Ага карап баары өзүн оңдойт, ага карап пландар түзүлөт жана багыттар аныкталат. Кайын ата – келиндердин коргоочусу. Кайын эненин арыздарын угуп жатып, аны кең пейил болууга, сабырга, шүгүргө чакырат; маанилүү маселелерди жана көйгөйлөрдү эч качан кичүүлөрдүн алдында чечпейт. Эч бир келинине катуу сүйлөбөйт, эркелетпейт, тескерисинче, жакшы сөз айтып коёт. Кайын аталар өз милдетин туура аткарса, кайын эненин ката иштерине жол бербесе, ката болгон учурда да адилеттүүлүк жана бекемдик менен аны оңдосо, дайыма келин тарапта турса, ошол эле учурда келинден кемчилик көрүнсө, муну өзү эмес, кемпири же уулу аркылуу билдирсе, үй-бүлө тынч жана бекем болот. Кайын ата келиндерден таарынса, муну билдирбегени, унчукпай турганы жана таарынганы үчүн келинден өзүн дагы алыс кармаганы ага жарашат. Ошондо келин зиректиги менен катасын өзү таап, оңдоого аракет кылат. Кайын ата эч качан келиндер менен бир дасторкондо отурбайт, бул анын даражасына каршы. Кайын ата уулдары жана неберелери менен өзүнчө отурат. Бүгүн келиндердин кайын атасын жолдоштой көрүшү, алар менен өбүшүп учурашуусу жана башка адепсиз, ашыкча кыймылдар классикалык үй-бүлө тартибине каршы жана мунун натыйжасында кайын ата үй-бүлөдөгү милдетин туура аткаруу укугунан, мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калат. Буга жол бербөө зарыл.
Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.