Тил

Даанышмандык

Хак сөз үчүн көкүрөгүңө сайышса канжар,

Өзбек тилинен которулду · Түп нуска

Хак сөз үчүн көкүрөгүңө сайышса канжар,Мындан артык сыймык болбойт, албетте.Чындык – нур, андан үкүлөр качар,Бирок тоодой оор болот чындык.Ийниңе алдыңбы, көтөрүшүң шарт,Чындыктын жүгүнөн бүгүлбө, талба.Хактын кызматында боло албайт ар бир март,Кызматка кирдиңби, көзгө жаш алба.Чындык ушунчалык ачуу жана курч,Ал себептүү напси чочкодой чаңырат.Чындыктын жолуна эч коркпой кир,Бул жолдо көрүнбө бечара, муңдуу.Унутпа, чындык — Хактын сөзүдүр,Чындык — Пайгамбар баскан жолдур.Чындыктын алдында марттар — козудур –Курман болуш үчүн чуркап барган.Атаңа жакпасын, балким энең даХак сөзгө башын ийбесин, майли.Атүгүл Хакка каршы турсун аалам,Хак калпка айланбайт алар себептүү.Чындыктын сыртын да, ички маңызын даАкыл көрө албайт ачык жана жарык.Чындыктын алдында акыл-и кулл — сокур,Аны түшүнүүдөн дайыма куру.Анткени Чындык — бул куттуу мурас,Олуялардын койнунан калган бизге.Олуялардын изине бутуңду басЖана бул мурасты алып сүрт көзгө.Чындык! Канчалык улуу сыймыксың!Күндөй жарыксың, асмандай улук.Чын марттар көздөгөн мекен – максатсың,Сага сапар кылуу – куттуу жеңиш.Негизи, сени таанып билүү да кыйын,Напсилер көзгө пардасын жаап койгондо.Жүзүңө карайм да, алым кетет,Унутуп кулдардын алсыз ачуусун.Сага ашык болуу кандай зор бакыт,Сенин айрылыгыңда күйүү кандай ырахат!Эки дүйнө үчүн сенсиң улуу так,Эки дүйнө үчүн сенсиң түбөлүк нур!08. 11. 2024.Акром МАЛИК

2 410жолу көрүлдү

Комментарийлер

    Башка ырлар

    Сайтка кирүү

    Реакция калтыруу, комментарий жазуу жана жөндөөлөрдү сактоо үчүн кириңиз.

    Улантуу менен сиз колдонуучу келишимине жана купуялык саясатына макулдук бересиз.