ОН ЖЕТИНЧИ БАП
Өзбек тилинен которулду · Түп нуска
ОН ЖЕТИНЧИ БАП
ЖЕТИМДЕР
Элестетип көрүңүз: бир топ балдар чуулдашып ойноп жатат. Үндөрү менен дүйнөнү башына көтөрүшөт. Эмнелердир талашышат, өзүнөн-өзү секиришет жана башкалар. Бирок алардын арасында бир бала унчукпай башын салаңдатат, жок, ал да ойнойт, бирок жылмаюусу сынык. Тайманбастыгы төмөн. Ага бир нерсе жетпей жатат.
Анан капыстан балдар: «Атаке! Ата!» – деп чуркашат. Бирок ошол бала эч жакка чуркабайт. Жарадар болгон балапандай мөлтүрөйт. Анткени ал чуркаганы менен пайдасыз экенин билет. Анткени ал атасы келбегенин жакшы түшүнөт. Анткени анын атасы жок. Чынында атасы жок болсо, мейли, анын апасы менен атасы ажырашып кетишкен. Адегенде чуу-чаң салышкан, балким, атасы апасын ургандыр, балким, урбагандыр, анан апасы ыйлап-сыктап кимдир бирөөгө телефон чалган. Бир аздан кийин чоң атасы менен чоң энеси келип, «Көчөдө калган кызыбыз жок!» – деп небереси менен кызын машинага салып алып кетишкен. Ошону менен ал үйдө баланын атасынын ушагы башталган. Сөз анын зулумдугу жана жамандыгы жөнүндө гана болгон.
Бала буларды эстебейт, балким, эстейт. Бирок ал эс тааныганда атасы жок эле. Үйүндө таякеси бар, чоң атасы бар, чоң энеси бар, бирок атасы жок. Кызык, баарынын атасы бар, анын атасы жок эле.
Бала чоңойду. Мектепке барды. Атасы жок, апасы ажырашкан деп сүйлөшчү. Мектептен балдарды аталары келип алып кетишчү, бирок анын атасы эч качан келчү эмес. Апасы оокат кылам деп иштечү, ошондуктан баласына убакыт бөлө алчу эмес, анткени анын иши көп эле.
Жалгыздык жаман экен – апасынын башы бош болгондуктан ага эркектер сөз таштай берип, акыры бирөөсү үйлөндү да. Бала жаңы «ата»нын үйүнө барууга абдан корккон. Каалар-каалабас барды. Жаңы «ата»нын кабагы түйүлгөндүктөн апасы аны эрте уктатып, жаңы «ата»ны таарынтпаш үчүн аракет кылчу.
Бала болсо мойнун ичине тартып өстү. Акыры болбоду, ал качанга чейин ушундай жүрөм деп өзүн эркин койду. Эч нерседен коркпогон болуп калды. Каалаган жерине барып, каалаган жеринен келчү, апасынын сөзүн такыр укчу эмес. Акырындап атасына болгон сагыныч да өчтү. Ал эми ата деген адамдын мээрими бар экенин такыр билчү эмес.
Акыркы кептерге караганда, ал кандайдыр бир чатакка аралашып калыптыр, бычак жептир, бирок айыккандан кийин баары бир айыптап камап салышыптыр, ошондо ал эми он сегиз жашта эле. Дээрлик баары анын атасыз өскөнүн жана тарбиясыздыгын айтты, бирок үй-бүлөнүн машакатына чыдабаган ата-энени жана кызы менен неберсин машинага баатырсынып салып кеткен, азыр болсо кашкайып көрүнүп жүргөн чал-кемпирди эч ким эстеген жок. Ошондо эч ким: «Эй, балдарым, урушпагыла, жарашкыла, ынтымакта жашагыла!» – деп айткан эмес эле жана бул сөздүн айтылбаганы себептүү ушул үй-бүлө ажырап кеткенин эч ким ойлонгон жок.
Жетим эки түрдүү: чыныгы жетим жана тирүү жетим. Чыныгы жетимди Кудайдын Өзү Өз панасында сактайт, бирок тирүү жетим — кор жетим. Тирүү жетим — өзүмчүл жана тарбиясыз, сабырсыз жана ойлонбогон чоңдордун кылмышынын курмандыгы.
Чыныгы жетим — тагдыр. Жетим менен мамиле кылуу кыйын. Анткени анын көңүлү назик. Ал бир сөзгө көнбөйт, жарым сөз ага жетпейт. Ал дээрлик дайыма жүрөгүндө өксүк менен жашайт. Жылдар бою анын жарасы аны мээримсиз бир адамга айландырышы да мүмкүн. Жетимдин ысык тамагы, жумшак наны, таза кийими, кең төшөгү болбойт. Анын жаштуу көзү, өксүгөн жүрөгү, бүкүр далысы, ийилген башы жана ачуу өткөнү болот.
Жетимди баккан, аны окуткан, тарбиялаган адам — бейиштик. Анткени жетим өстүрүүдөй машакат дүйнөдө жок.
Бул баптагы жалгыз сөзүбүз: баланы тирүү жетим кылбаңыз! Перзентиңизге ырайым кылыңыз!
Акром МАЛИК




Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуп пикир калтырыңыз.